Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:36

Бишкек шаарынын прокурорунун мурдагы орун басары 1,8 млн сом айыпка жыгылды


Бишкектин Биринчи май райондук соту.
Бишкектин Биринчи май райондук соту.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Бишкек шаарынын прокурорунун мурдагы орун басары Эдилбек Ыдырыс уулун Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси – “Опузалап пара алуу” менен күнөөлүү деп таап, 1 млн 800 миң сом айып салды.

Райондук сот мындай өкүмдү 2024-жылы 2-декабрда чыгарганы 9-январда белгилүү болду.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Эдилбек Ыдырыс уулун былтыр октябрь айында кармаган. Аны менен кошо шаардык прокуратуранын бөлүм башчысынын ошол кездеги орун басары Абдырашид Жаманкеев да кармалган. Райондук сот ага өкүм чыга электигин, үй камактагы мөөнөтү 21-январга чейин узартылганын кабарлады.

Бишкек шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкерлеринин адвокаттары же жакындары комментарий берген эмес. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG