Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:46

МУШАРРАФ ЕВРОПАДАН ПАКИСТАНДЫ АЗЫРААК СЫНДООНУ СУРАНДЫ


Пакистандын президенти Первез Мушарраф Европадагы сапарын Брюсселде баштады. Дүйшөмбүдө Европа Биримдиги жана НАТОнун өкүлдөрү менен жолугушуу маалында Мушарраф демократия, терроризм, Беназир Бхуттонун өлүмүнө байланышкан татаал маселелерде коргонууга аргасыз болду. Европалык жетекчилерди ал Пакистанды орунсуз сындоону азайтып, андан көрө өлкөгө эркин сооданы жайылтып, чет элдик инвестиция тартууга көмөк көрсөтүүгө үндөдү.

Дүйшөмбүдө Европарламенттин тышкы саясат боюнча комитетинде сүйлөгөн сөзүндө Первез Мушарраф Пакистан эл аралык терроризмге каршы күрөштүн эң алдыңкы сабында турганын белгиледи.

- Терроризмге каршы бул күрөштө биз, Пакистан, анын от күйгөн очогунда турабыз. Сиздерге, балким, анын илеби гана жетсе жетип аткандыр.

Мушарраф Пакистандын Ооганстан менен чектеш аймактардагы исламчыл согушкерлерге каршы күрөшү кеңири чөлкөм үчүн өтө маанилүү экенине басым жасады. Андагы ийгилик, же утулуунун залакасы Европага да сөзсүз таасирин тийгизет деп эскертти ал.

Батыш мамлекеттери Пакистандан тараган кабарлардан чоң ызы-чуу чыгарбай, ушак-айың, туура эмес талдоолорго негизделген сын пикирден алыс болушу керек, - деди Первез Мушарраф.

- Мен антитеррористтик коалицияга мүчө мамлекеттердин баарынан ызы-чууга алдырбагыла деп суранат элем. Бизди аңдыгандын ордуна түшүнүп, колдоп, сүрмөлөп турсаңыздар.

Пакистандын президенти соңку айларда өзүнүн дарегине айтылган сын пикирлердин баарын четке кагып, өлкөнүн куралдуу күчтөр башчысы кызматын өткөрүп бергенин демократиялык реформанын 3-баскычы деп атап, Бхуттонун өлүмүнөн улам кийинкиге жылдырылган парламенттик шайлоо калыс жана эркин өтөт деп ишендирди. Пакистандын башкы соту жана анын жактоочулары менен болгон тирешүүсүн коррупциялашкан адамды бийликтен четтетүү аракети деп баалады.

Пакистанда маалымат каражаттары дүйнөдөгү эң эркин медиа, өлкөдө бир да саясий туткун жок, - деп кошумчалады Мушарраф. Ал жаңы жыл алдында өлтүрүлгөн Беназир Бхутто ок өтпөгөн машинеге түшүп эл кыдыруу тууралуу коопсуздук кызматтарынын кеңешин укпай, кайдыгерликтен улам көз жумду, анын өлүмү боюнча эл аралык иликтөөнүн кажети жок, сот-медициналык экспертиза өткөрүүгө Лондондук эксперттер катышты деп белгиледи. Беназир Бхуттонун өлүмү үчүн ал уруучул аймактарды байырлаган козголоңчуларды айыптады.

Мушарраф эми буга окшогон билдирүүлөрүн Франция, Британияга барып кайталап, андан кийин Швейцариядагы дүйнөлүк конференцияга катышат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG