Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:49

ТАЙГАК ЖОЛДО ТООРУГАН КОРКУНУЧ КӨП


Учурда кыш өкүмүн сүрүп, жолдор тайгак болуп, мурдакыдай жолго туз, кум себилбегендиктен жол кырсыктары арбын болууда дешет айдоочулар. Мындан сырткары адистердин айтымында жол эрежелерин одоно бузуу, унааны кышка даярдабай кышкы дөңгөлөктөр тагылбаганы жана кар көчкү коркунучу да кырсыктарга себепкер болууда.

Ички иштер министрлигинин МАИ башкармасынын жетекчисинин орун басары Болот Борбиевдин маалыматына караганда өлкөдө жолдун карын тазалоочу техника жетишсиз. Ошондуктан жолдор учурунда тазаланбагандыктан жана кум-туз аз себилгендиктен тайгак болууда. Адистердин айтымында кышкысын тайгакта жол кырсыктары аз катталат, себеби катуу ылдамдыкта айдоо мүмкүн эмес.

-Өлкөдө жолдун карын тазалоочу техника жетишпейт. Алардын 40 пайызы гана иштеп жатат. Транспортту катуу ылдамдыкта айдоо, айдоочулар машиналарын кышка даярдабаганы, коопсуздук курду тагынбаганы кырсыктардын көп болушуна себепкер.

Ошол эле учурда көпчүлүк айдоочулар автокырсыктардын көп болушун жолго кум, туз себилбегендиктен, жол эрежелерин билбеген жаш айдоочулардын көбөйүп кеткендигинен көрүшөт.
Бишкектик айдоочу Жанышбек Турдубаевдин айтымында учурда борбордук көчөлөргө гана кум, туз себилип, башка жолдорго кум, туз себилбей, кары күрөлбөй жатканы кырсыкка себепкер болууда.

"Жолдун көпчүлүк бөлүгү тайшак болуп атпайбы. Бул жердеги чоңдор кум, туз сээп жатабыз дегени менен борбордук жолдорго чоңдор өтө турган жолдордун гана кары күрөлүп, кум, туз себимиш болуп жатышат. Ал эми башка жактагы жолдор каралбай калбадыбы. Бишкек-Ош, Боом капчыгайы, Нарын тараптан эмнеге көп кырсык катталып атат, демек автожолдор кууш, жаман, тайгак. Менин оюмча жол кырсыгынын чыгышына негизинен жолдордун талапка жооп бербегени, кары тазаланбаганы себеп болууда."

Айдоочулардын мындай айыптоосун Бишкек шаардык турак-жай, коммуналдык чарба жана жылуулук-энергетикалык комплекс департаментинин жетекчисинин орун басары Эдилбек Жузенов четке каргып, жолго себилүүчү кум, туз жетиштүү даярдалып, себилип жатканын билдирди.

"14 кар тазалоочу жана 11 кум жана туз себүүчү машина күнү-түнү кезмет менен иштеп жатат. 670 тонн кум даярдалган, ошондой эле 183 тонна туз жолго чачуу үчүн даярдалып, нормасы менен чачылууда. Мындан сырткары да кошумча техникалар иштеп жатат. Чынында эле негизги, борбордук көчөлөргө кум, туз себилгени менен башка көчөлөргө жетише албай жатабыз."

Кыш өкүмүн жүргүзүп, учурда кар калың жаагандыктан Бишкек-Ош кан жолунун басымдуу бөлүгү тайгак болуп, айрым кооптуу жерлерде көчкү жүрүү коркунучу бар экенин, жаңы жылга чейин кооптуу участоктордо атайын артиллериялык аткылоо менен көчкү түшүрүлүп, жол убактылуу жабылып, кары тазаланаарын Чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмазбек Абдраев билдирди.

Ички иштер министрлигинин МАИ башкармасынын маалыматына караганда, быйыл өлкөдө он бир айда эле беш миңге жакын жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 1158 адам каза болуп, 6 миңден ашуун адам жаракат алган. Бул өткөн жылдагыдан эки эсеге көп. Жол кырсыгына себепкер болгон 745 айдоочу жабыр таркандарга жардам берип, ооруканага жеткирүүнүн ордуна качып, изин жашырып кеткен.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG