Орусия боюнча он шаарда шайлоо участогу уюшулуп, партиялык тизме боюнча парламенттик шайлоого 29 миңдей кыргызстандык катышты. Шайлоо комиссияларга элчилик менен консулдук бөлүмдөрдүн кызматкерлери, он эки партия өкүлдөрү жана кыргыз коомдорунун өкүлдөрү киришкен.
Шайлоо участоктору Москва, Санкт-Петербург, Самара, Новосибирск, Казан, Челябинск, Екатеринбург, Красноярск, Иркутск жана Омск шаарларында уюштурулду. Орусиядагы Кыргызстандын консулдук өкүлчүлүктөрү жок шаарларда элчилик менен консулдун жардамы аркасында шайлоо бөлүмдөрү ачылып, шайлоо өнөктүгүн өткөрүштү.
Базарларда, курулуштарда же соода түйүндөрүндө иштеп жүргөндөр арасында дем алыш күн экенине карабай иштегендер бар. Орусияда ири базарларда иштеп жүргөн эмгек мигранттарынын тизмеси түзүлгөн. Москвадагы ири төрт чоң базар: Черкизов, Мытищи, Строгино жана Хамовники деген базарларда кыргызстандык жарандар көп иштейт.
“16-декабрда биз алардын суранычын аткарып, алар иштеген жерине, алар жашаган жерине барып добуш берүүсү үчүн шарт түзүп бердик. Ошентип орусиядагы 28 миңдей кыргызстандык парламенттик шайлоого катышып, өз добуштарын беришти”,- дейт өлкөнүн Орусиядагы элчисинин милдетин аткаруучу Раимкул Аттокуров.
Орусиядагы жана Казакстандагы кыргыз диаспорлорунун “Замандаш” ассоциясынын президенти Жума Абдулаевдин пикиринде Орусиянын шаарларында Кыргызстандын жарандары көбүнчө соода түйүндөрүндө иштейт. Ошондуктан шайлоо участоктору ошол соода түйүндөрүндө уюшулганы мигранттар үчүн ыңгайлуу болду.
“Бирок Орусиянын чоң базарларында соода кылган кыргызстандыктардын көбү Орусиянын атуулдуктарын алып алышкан. Ал эми курулушта, ар кандай башка кызматтарда иштеген кыргызстандык мигранттардын көбү конституциялык укуктарынан пайдалана албай, шайлоого катыша албай калышты,- дейт Жума Абдуллаев.
Самара шаарындагы базарда соода кылган кыргызстандык Венера Өмүрова шайлоого катышып, добушун бергенин айтуу менен мыйзам бузууларга жол берилбей, шайлоо таза өтсө деген тилегин билдирди.
Орусиядагы жана Казакстандагы кыргыз диаспорасынын “Замандаш” ассоциясынын басма сөз катчысы Талант Жороевдин айтымында Орусиянын алыскы айрым шаарларында жана Якутияда жүздөгөн кыргызстандык мигранттар шайлоого катышпай калышты.
“Татарстанда эки жарым миңдей кыргызстандык иштеп жүрсө, алардын көбү Орусиянын атуулдугун алышкандыктан бул жолку парламенттик шайлоого катышкандар азыраак болду,“-дейт Казан шаардык шайлоо участогунун төрагасы Улан Ахматов.
Парламенттик жарышка катышкан “Асаба” партиясынын лидери Азимбек Бекназаровдун пикиринде чет өлкөдөгү жана Орусиядагы кыргызстандыктардын добушу бийликтин партиясын колдоо үчүн гана уюшулган: “Аларды көзөмөлгө алмак тургай кыргызстандын ичиндеги шайлоо участокторун дагы көзөмөлгө алууга күчүбүз жетпей калды”,- дейт Азимбек Бекназаров.
Казакстанда, Кытайда да кыргызстандыктар добуштарын беришти.Бейрасмий маалыматтарга караганда, чет жакта жарым миллионго чукул кыргызстандыктар жүрөт. Бирок ырасмий маалыматка караганда мигранттардын саны мындан бир кыйла азайтылып айтылып жүрөт.