Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:32

ЖАНБУЛАТ АМАНТАЕВДИ КОРДОГОН МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ ЧАРА КӨРҮЛДҮ


Опузалап акча алды деп айыпталган белгилүү кикбоксер, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Жанбулат Амантаев сот залынан качып кетип, кийин кайра кармалган. Аны кайра кармаган учурда милиция кызматкерлери ар-намысына шек келтирген сөздөрдү айтышып, опуза кылып сабап да жиберишкен. Ушул окуя иликтөөгө алынып 10 милиция кызматкерине кызмат абалынан ашкере пайдаланганы үчүн жаза алышты. Бул тууралуу ички иштер министрлиги маалымдады. Кикбоксчу Жанбулат Амантаев “Ма-була” фирмасынын жетекчисин опузалап, 20 миң доллар талап кылып, анын 5 миң долларын алган жерден кармалган.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун айтымында, Бишкектеги “Монте Карло” эс алуу борборунун ээсинен кикбоксинг боюнча дүйнөнүн көп жолку чемпиону Жанбулат Амантаев башында турган эки белгисиз адам 20 миң доллар талап кылып, 5 миңин алып жатканда милиция тарабынан кармалган. Анын автоунаасын Быйылкы жылдын 26-июлунда сот залынан Жанбулат Амантаев качып кетип, төрт күндөн кийин милиция тарабынан кайрадан кармалган. Аны кармоо учурунда жана Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын убактылуу жайына алып келүүдө Жанбулат Амантаевди милиция кызматкерлери күбөөсү, адвокаты жокто тинтип, опузалап урган. Анын ар- намысына шек келтирген кеп- сөз айтышканы министрликтин өздүк коопсуздук кызматы тарабынан иликтөөгө алынган. Тинткен учурда кесилген мылтык, “ТТ” үлгүсүндөгү тапанчанын 6 огу табылган.

- Быйылкы жылдын 24-июлунда “Монте Карло” эс алуу борборунун ээси И. Мамазаиров милицияга арыз менен кайрылган. И. Мамазаировдун айтымында Жанбулат Амантаев башында турган эки белгисиз адам аны жыйырма миң АКШ доллар берүүгө мажбурлаган. Кикбоксинг боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Жанбулат Амантаев беш миң доллар алып жаткан жеринен кармалган. Жана ошондой эле Амантаев айдап келген БМВ-525 маркасындагы автоунаасын тинтүү учурунда, машинеден он алты калибириндеги кесилген мылтык жана “ТТ” тапанчасына тийиштүү алты ок табылган. Учурда Жанбулат Амантаев Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайында отурат. Жанбулат сот залынан тергөө учурунда качып кетип, төрт күндөн кийин кармалган. Аны кармап, Бишкек шаардык милиция башкармасынын убактылуу жайына алып келүүдө ички иштер кызаткерлери У. Айтбаев,А. Сыдыков, Н.Давлетов, Н.Абсатаров,А. Самакбаев жана Н.Жаманкулов, У. Килебаев, А.Абакиров белгилүү спортчуну опуза кылышып, ар- намысына шек келтиришкен. Бул боюнча иликтөө жүргүзүлүп, кызмат абалынан ашкере пайдаланганы үчүн бирөө кызматынан ылдыйлатылса, төртөө иштен айдалган. Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн дагы 11 кызматкерине сөгүш жарыяланып, эскертүү берилди.

Белгилүү спортчулар чоң спорттон кийин маянасы аз машыктыруучулук ишке барышпайт, каражаттын айынан ишкерлерге жан сакчы же кылмыш дүйнөсүнө аралашууга аргасыз болушууда. Эгемендүүлүк алгандан бери жыйырмадан ашуун спортчуну атып кетишин да айрым байкоочулар ушул өңүт менен байланыштырып жүрүшөт.

Бейтарап эксперттердин баамында Ички иштер министрлигинин спорттук чөйрөдөгү кылмыштуулукка каршы күрөш жаатында жүргүзүп жаткан иши алымсындырбайт. Маселен, эркин журналист Семетей Талас уулунун айтымында каражаттын жетишсиздигинен же оңой оокат табуу максатында айрым белгилүү спортчулар кылмыш дүйнөсү менен байланышып кетүүдө. “-Бирок алардын Кыргызстанды тааныткан эмгеги да унутта калбаса, спорттон кийинки тагдырына мамлекет камкордук көрсө, -дейт Семетей Талас уулу.

- Министрлерге, өкмөт мүчөлөрүнө, саясатчыларга, бардыгына жан сакчы керек. Алар жан сакчылыкка белгилүү спортчулардан тандап алышат. Эгер мурдакы белгилүү спортчулар өзүнүн кызыкчылыгын пайдасын гана ойлоп ишкерлерди, цехтерди тоноп, рекет болуп алышканын токтотпосо бардык башка абийирдүү спортчуларга да көө жабылат. Ошондуктан чоң спорттон кеткенден кийин мамлекеттик деңгээлде шарт түзүлүп, камкордукка алынса, пенсия чектелсе дурус болмок.

Кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону Маралбек Давлеткуловдун пикиринде чоң спорттон кийин айрым белгилүү чеберлер кылмыш дүйнөсүнө аралашып, жаңылыш жолго түшүп кетип, спорт чөйрөсүн жаманатты кылышууда.

- Жанбулат Амантаев менен Кыргыз туусун бирге көтөрүп, өлкөнү таанытып жүрдүк, эгерде анын күнөөсү аныкталса, мыйзам алдында жооп бериши керек, -дейт Маралбек Давлеткулов.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун айтымында, Жанбулат Амантаев учурда Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын убактылуу жайында камакта. Эгерде анын коркутуп акча алуу жана мыйзамсыз курал алып жүргөнү тергелип бүтүп калды. Жакында соту болмокчу, эгерде кылмышы далилденсе 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Кикбоксинг боюнча дүйнөнүн эки чемпиону, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү Жанбулат Амантаев 1974-жылы туулган. Ал Кыргызстандын туусун бир нече ирет көтөрүп, намыска жараган. Чоң спорттон кеткенине 5-6 жыл болуп, ишкерчилик жана машыктыруучулук менен алектенип жүргөн.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG