Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:47

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН МЕКЕНИНЕ КАЙТУУ НИЕТИ БАР


Чыңгыз Айтматов жаш курагы келип жеткенине байланыштуу жаңы жылдан тарта дипломаттык кызматын өткөрүп берүүнү көздөп жатканын маалымат каражаттарына билдирди. Ал эми Кыргызстан эгемендүү болгону менен дипломатия тармагына анча маани бербей, айрым учурларда чыныгы кесипкөй адистер элчи болбой келеатат, деген да пикирлер айтылууда.

Он беш жылдан бери Европанын бир катар өлкөлөрүндө Кыргызстандын элчиси болуп келген Чыңгыз Айтматов 2008- жылдын башында мекенине кайтып келүүнү көздөп жатканын маалымат каражаттарына билдирди. Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов өз каалоосу менен жаңы жылдан кийин кызматтан кетээрин айтып, аны жаш курагынын келип калганы менен байланыштырды.

-Элчилер үч-төрт жылда алмашып иштеп, алар башка жакка барып турат. Ал эми меники он беш жылдан ашып кетти. Жетишет го, уят деген болуш керек да.

Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов 1990-жылдан бери Европанын бир нече өлкөлөрүндө элчилик кызматта иштеп келе жатат. Элчиликтен кеткенден кийин чыгармачылык менен алектенээрин, келээрки жылда боло турган 80 жылдык мааракесине камылга көрмөкчү.


Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Руслан Молдокасымов болсо Чыңгыз Айтматов министрликке расмий арыз менен кайрыла электигин, мындай чечимди элчи өзү кабыл алганын билдирди.

Мурдакы мамлекеттик катчы, коомдук ишмер Ишенбай Абдразаков да Чыңгыз Айтматовдун туура чечим кабыл алганын кубаттап, анын орун ээлеп, Кыргызстанга кызмат кыла турган жаштар арбын экенин жана андан кыргыз эли чыгармачылыгынын дагы чоң жемишин күтүп жатканын «Азаттыкка» айтты.

Дипломатия- бул мамлекеттик кызматтын өзгөчө бутагы, атайын даярдалган кесипкөй адистерди талап кылган өтө жооптуу кызмат, дешет адистер. Билермандардын пикиринде дипломатия- өлкөнүн тышкы саясаты ички саясатынын уландысы.

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Руслан Молдокасымовдун айтымында учурда отузга жакын мамлекеттерде жана эл аралык уюмдарда Кыргызстандын элчиликтери, консулдук өкүлчүлүктөрү иштейт.

Учурунда кеңеш өкмөтүнүн, кийин Орусиянын Жапон мамлекетиндеги башкы консулу, мурдакы мамлекеттик катчы Ишенбай Абдразаковдун пикиринде Кыргызстан эгемендүү болгону менен дипломатия тармагына анча маани бербей, айрым учурларда чыныгы кесипкөй адистер элчи болбой, бул тармак аксап келатат.

- Дос- туугандардын арасынан тааныштык менен дайындалган айрым элчилер эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууга данакер боло албай, өзүнө тагылган милдетти аткара албай, көпүрөлүк кызмат кылууга кудурети жетишпейт. Же кеңеш доорунан бери жогорку кызматтарда иштеген айрым чиновниктер элчи катары жүк көтөрө албай жүргөндөрү да бар - дейт Ишенбай Абдразаков.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG