ЖК төрагасынын орун басары Эркинбек Алымбеков “Азаттыкка” мурдатан эле Референдумга каршы экендигин билдирди. Анын айтуусунда Башмыйзамдын президент тарабынан сунушталган долбоорунда адам укугун тебелөө, өлкөнү авторитардык-тоталитардык режимге түртө турган көп жоболор киригизилген, шайлоо кодекси да авторитардык бийликти чыңдоочу системаларды камтыйт. Ошондуктан, эки маселеге тең “жок” деп добуш бергенин айтты вице-спикер. (ZKo)