Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:50

ФУТБОЛ: КЫРГЫЗСТАН ЙОРДАНИЯНЫ 2:0 ЭСЕБИНДЕ УТТУ


18-октябрда Бишкектеги «Спартак» стадионунда футбол боюнча дүйнө чемпионатына талапкерлерди тандоо мелдешинин алгачкы этабында Кыргызстандын тандалма футболчулары Йорданиянын улуттук командасы менен беттешип, 2:0 эсебинде жеңип алды.

Эгемендүү өлкө болгону Бишкектеги «Спартак» стадиону күйөрмандарга жык толгону футболго кызыгуу артып баратканын далили. Жогорку Кеңештин депутаты Аскар Салымбеков да стадионго күйөрмандар толгонуна кубанып, “футбол- улут ден соолугу, ар- намысы. Эми экинчи этапка чыксак мындан да күчтүү командалар келип, кызыктуу оюндар болот”- деди парламент депутаты.



Оюндун жүрүшүндө кыргызстандык футболчулар өз талаасы катары эркин ойноп, байма- бай чабуулга өтүп жатышты. Ошондой эле каталыктарды дагы кетирип, коргоону аймагында бирин- бири түшүнбөстүктөр болуп, өнөгүнө топту таамай бере алышпай жатышканын футбол адистери айтып жатышты.

Биринчи таймдын аяктап бараткан 45-мүнөтүндө Канттын “Абдыш ата” командасынын жарым коргоочусу Чолпонбек Эсенгул уулу йорданиялык футболчуларды алдап өтүп, топту атаандаштардын дарбазасына таамай тээп киргизип, эсепти ачты.

Оюндун биринчи таймынан кийин өлкөнүн футбол федерациясынын президенти Амангелди Муралиев йорданиялык футболчулардын чеберчилиги да жогору экенин белгилеп, “Азаттыктын” кабарчысына мындай деди:

-Эл аралык футбол федерациясынын иликтөөсү боюнча Йордания өлкөсү рейтинг боюнча дүйнө жүзүндө 99-орунда турат. Алардын чеберчилиги жогору экени байкалып турду. Кыргызстан рейтинги боюнча 149- орунда келатканы менен өлкөнүн футболдук деңгээли жогорулап, чеберчилик өсүп баратканын Бишкектеги мелдеш көрсөттү.



Жакында эле Пакистандан жеңиш менен кайтып келген Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогун экинчи ирет утуп алган Нарындын “Дордой-Динамо” командасынын негизги оюнчулары, быйыл Эгемендүүлүк кубогун уткан Кант шаарынын “Абдыш ата” командасынан жана Бишкектин “Шер” футбол клубунан Кыргызстандын тандалма командасы түзүлүп, өлкө намысын коргошту..

Экинчи таймда дагы кыргызстандыктар үстөмдүк кылышып, демилгени колго алышты. Йорданиялык футболчулар канчалык аракет кылышканы менен майнап чыкпады. Натыйжада экинчи таймда оюнга кошулган Нарындын “Дордой-Динамо” командасынын жарым коргоочусу Айбек Бокоев Йорданиянын улуттук командасынын коргоонусун жарып өтүп, жыгылып баратып тепкен тобу атаандаштардын дарбазасына кадалды. Ошентип Айбек эсепти экиге көбөйтүп, кыргызстандыктардын жеңишин бекемдеди. Йорданиялыктар үстөккө босток чабуул коюп, канчалык аракет кылышканы менен ийгилик жарата алышпады.

Оюндан кийин Кыргызстандын тандалма командасынын коргоочусу, Нарындын “Дордой-Динамо” командасынын капитаны Руслан Сыдыков күйөрмандардын колдоосу жеңишке дем бергенин айтып, эми 28-октябрда Йорданиянын борбору Амман шаарында жооп иретиндеги оюнга барышаарын билдирди.

Эгерде Кыргызстандын футболчулары Йорданияда боло турган жооп иретиндеги беттешүүдө тең чыкса деле кийинки этапка жолу ачылат.

2010-жылы Түштүк Африка өлкөсүндө өтө турган дүйнө чемпионатына талапкерлерди тандоо мелдешинин экинчи этаптын беттешүүлөрү 9-жана 19- ноябрда болмокчу.

Кыргыз жергесиндеги дүйнө чемпионатына талапкерлерди тандоо мелдешинде калыстык кылган ФИФАнын калысы индиялык Субрата Саркар беттешүү курч мүнөздө өткөнүн маалымат каражаттарына билдирди.

Футбол күйөрмандары үчүн Кыргызстандын намысын коргоп, жеңишке салым кошкон тандалган футболчулардын ысымдарын дагы атай кетели. Команданын дарбазачысы Максим Агапов, коргоочулар Вячеслав Амин, Руслан Сыдыков, Игорь Кудренко, Бакыт Маматов, Даврон Аскаров, Талант Самсалиев, жарым коргоочулар Вадим Харченко, Тимур Валиев, Ильдар Амиров, Айбек Бокоев, Таалайбек Жуматаев, Сергей Князев, Эсенкул уулу Чолпонбек, Павел Сидоренко, Шевченко, чабуулчулар Алмаз Мирзалиев, Андрей Краснов, Азамат Ишенбаев, Роман Корнилов жана Илдар Амиров.
Мындан жети жыл мурда бул эки өлкө Кыргызстан- Йорданиянын футболдук командалары Амман шаарында беттешип, анда кыргызстандыктан 2:0 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калышканын футбол күйөрмандардын эсине салып койолу.
Азия аймагынан 2010-жылы Түштүк Африка өлкөсүндө өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатына 43 өлкө талапкер катары мыктыларды иргеп алуу мелдештерине катышууда. Азия аймагында 21-22- жана 28-октябрда Катар өлкөсү менен Шри-Ланка, Ирактын футболчулары менен Пакистан, Бахрейн өлкөсү менен Малайзия мамлекеттеринин футболчулары дүйнө чемпионатына иргеп алуу мелдештеринде күч сынашат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG