Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун коргоо министрлер кеңешининин Бишкекте өткөн отурумун Кыргызстандын коргоо министри, генерал- лейтенант Исмаил Исаков башкарып, төрагалык кылды. Жыйынга Белорус, Армения, Казахстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан өлкөлөрүн коргоо министрлери келишти. Анда кызматташтыктын укуктук базалары талкууланды. Жыйында жамаатын чегинде эки жылдан бери жүргүзүлүп жаткан аскерий курулуштардын сапатына баа берилди. Күн тартибиндеги маселелердин негизинде жоон топ документтер кабыл алынып, кол коюлду. Алардын катарында Жамааттык тынчтыкты сактоочу нормативдик жана уюштуруу аракеттери, тынчтыкты сактоочу иш аракеттер боюнча макулдашуулар, тынчтыкты сактоочу күчтөр жөнүндө жобо, тынчтыкты сактоочу ыкчам операцияларды даярдоочу жумушчу топ түзүү жөнүндөгү документтер бар.
Жыйын жабык эшик артында өткөрүлдү. Отурумдун соңунда ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа, Орусиянын коргоо министри Анатолий Сердюков, Казакстандын коргоо министри Даниал Ахметов, Кыргызстандын коргоо министри Исмаил Исаков, Белорусиянын коргоо министри Леонид Мальцев, Армениянын коргоо министри Микаэл Арутюнян, Тажикстандын коргоо министри Шерали Хайруллоев жана Өзбекстандын коргоо министринин орун басары Рустам Ниязов журналисттердин суроолоруна жооп беришти.
Кыргызстандын коргоо министри Исмаил Исаков өз сөзүндө Кыргыз Республикасы Жамаааттык Коопсуздук Келишим Уюмунунун алкагында кызматташууга өзгөчө маани берээрин, уюмга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин Бишкекте өткөн биринчи ирет жыйыны ийигиликтүү болгонун маалымдады.
-Кыргызстан ЖККУнун алкагында кызматташууга өзгөчө маани берет. Бул уюмдун алкагында кызматташтыкты күчөтүү Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына толук жооп берет. Мындай кызматташтыкты чыңдоо эл аралык терроризмге, экстремизмге, баңгизаттарды жана куралды мыйзамсыз ташууга көзөмөл жүргүзүүгө өбөлгө түзөт. Ошондой эле, мындай уюм аймактагы өлкөлөрдүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн сактоону камсыз кылат. Кыргызстан Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму иш жүзүндө коопсуздукту камсыз кылууда олуттуу күчкө ээ болушуна кызыгат. Кийинки учурда биздин уюмдун аскердик-саясий жана тышкы саясий активдүүлүгү жогорулады. «Кант» аба майданында Орусиянын аскердик авиабазасы Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугунун кепили., - деди Исмаил Исаков.
ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжанын айтымында Шанхай кызматташуу уюму менен Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө да маалымат берип, эки уюм өзгөчө коопсуздук багытында тыгыз кызматташуусу башталганын белгиледи. Ошондой эле Ооганстан өлкөсүнүн коопсуздугун сактоо үчүн гуманитардык жардам көрсөтүү улана берээрин кошумчалады.
- Өткөн жылдын апрель айындагы ШКУ өлкөлөрүнүн Коргоо министрлеринин кеңешинде коргонуу жана коопсуздук жаатында ЖККУ жана башка эл аралык уюмдар менен кызматташтык кылуу ниетин аныктаган Биргелешкен коммюнике кабыл алынган. ЖККУ жамааттык коопсуздуктун уюму катары ШКУ менен тыгыз кызматташат.
Ал эми Тажикстандын коргоо министри Шерали Хайруллоевдун пикиринде, Канттагы авиабаза жана Дүйшөмбүдөгү Орусиянын аскер бөлүгү Борбор Азиядагы коопсуздукту камсыз кылууга өбөлгө түзөт.
Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун коргоо министрлер кеңешининин Бишкекте өткөн жыйыны, анда кабыл алынган документтер тууралуу Кыргызстандын коргоо министри Исмаил Исаков “Азаттыктын” кабарчысына мындайча айтып берди.
- Белгилей кетүүчү нерсе, ЖККУ аскер блогу болуп эсептелбейт жана эл аралык уюмдар менен байланыштарды алдын ала карайт. Анын ишмердүүлүгү биринчи кезекте коргонуу мүнөздө жүрөт жана анын басып алуучулук жана баскынчылык максаттары жок.
Жамааттык коопсуздукту ар тараптан бекемдөө объективдүү түрдө ЖККУнун келечектүү милдеттеринин катарына кирет. ЖККУга мүчө-мамлекеттердин түштүк чегараларын ишенимдүү коргоо биздин биринчи кезектеги милдетибиз болуп эсептелет. Борбордук Азия аймагында аскердик коопсуздукту камсыз кылуу үчүн кыска убакыттын ичинде ЖККУ өлкөлөрү аймактык коопсуздуктун заманбап системасын иштеп чыгууга жана түзүүгө жетишти. Уюм өзүнүн мүчөлөрүн эл аралык террорчулук коркунучунан коргоого жөндөмдүү болгон аскердик түзүмүн түздү. Биргелешкен аскердик машыгуулардын жүрүшүндө ЖККУ өлкөлөрүнүн куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөр менен бөлүкчөлөрүндө күжүрмөн колдонуунун пландары иштелип чыккан, бекитилген жана колдонулууда.
ЖККУнун ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыты болуп катышуучу мамлекеттер ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтык эсептелет, анын алкагында 2003-жылдагы Дүйшөмбү шаарында өткөн саммитте Уюм боюнча өнөктөштөргө техниканы жана куралды жеңилдетилген түрдө жеткирүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Ушуга байланыштуу, ЖККУнун мүчөлөрүндө техниканы жана куралды, аскердик-техникалык мүлктү өндүрүүчү-өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрү үчүн каралган ички баалар боюнча сатып алуу мүмкүнчүлүгү пайда болуп, маселе оң жагына чечилди.
2005-жылы кабыл алынган Макулдашуунун негизинде ЖККУ мамлекеттеринин өкүлдөрү тарабынан негизги артыкчылык Уюмга катышкан өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнүн жогорку окуу жайларында аскердик кадрларды даярдоого берилген.
Билим берүүдө ЖККУга катышкан мамлекеттер олуттуу жардам көрсөтүүдө. Биринчи кезекте Орусиянын коргонуу ведомствосунда Кыргызстандын 207 курсанты жана 53 офицери, алардын үчөө Генералдык штабдын академиясында билим алууда. Эгемендүүлүк алгандан бери Орусиядан миңден ашык кыргызстандык аскер кызматчылар билим алган.
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишими 1992-жылдын 15-майында андан ары узартуу шарты менен 5 жылдык мөөнөткө түзүлгөн. 2002-жылдын 7-октябрында Кишинев шаарында Келишимге катышуучу мамлекеттердин президенттери тарабынан Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун уставына жана анын укуктук статусу жөнүндө Макулдашууга кол коюлган.
ЖККУнун башкы органы болуп Жамааттык коопсуздук кеңеши (ЖКК) эсептелет, ага Уюмдун мүчө-мамлекеттеринин башчылары кирет. Тышкы иштер министрлеринин кеңеши (ТИМК), Коргоо министрлеринин кеңеши (КМК), Коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитети (КККК) ЖККУнун кеңеш берүү-аткаруу органдары болуп эсептелет. Туруктуу иштөөчү органдар болуп Уюмдун ишмердүүлүгүн уюштуруу, маалыматтык-талдоочулук жана кеңеш берүү жагынан камсыз кылууну жүргүзүүчү Катчылык да иштейт.
2004-жылдын 1-январынан тартып иштеген жана КМКнын жумушчу органы болгон ЖККУнун Бириккен штабы эсептелет. КМКнын сессияларынын ортосунда кабыл алынган чечимдерди жүзөгө ашыруу боюнча координация жана өз ара аракеттенүү маселелери менен ЖККУнун ар бир мамлекетинен дайындалуучу Ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн туруктуу кеңеши иш алып барат.