Бакыдагы дүйнөлүк таймашууга грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандан тандалган жети балбан барды.
Грек-рим күрөштүн жеңил салмагында кыргызстандык спорт чебери Улан Темирбеков биринчи беттешүүдө словакиялык Томас Вилдди утуп, чейрек финалда испаниялык Мартинезге алдырып коюп, он биринчи орунду ээледи.
60 кг салмакта Кыргызстандын намысын коргогон 15-Азия оюндарынын коло байге ээси Руслан Түмөнбаев венесуэлалык атаандашы Эндрих Артегага упайдын айырмасы менен алдырып коюп, таймаштан чыгып калды.
66 кг. салмакта кыргыз спорт күйөрмандардын үмүтүн жандырган Азия чемпиону, былтыркы дүйнө биринчилигинин күмүш медаль ээси Канат Бегалиевге чучукулак кармоодо туннисттик Хамза Лоуати туш болду. Канат аны ишенимдүү утканы менен чейрек финалда армениялык Арман Адикяндан аз упай менен утулуп калды. Эми Канат Бегалиев үчүн Бээжин олимпиадасына жолдомо алуу үчүн алдыда дагы үч Гран-при мелдеш жана келе жаткан 2008-жылы боло турган Азия чемпионаты турат.
74 кг салмакта күрөшкөн Азия чемпиону, 14-15-Азия оюндарынын жеңүүчүсү Данияр Көбөновдун да Бакыдагы дүйнө чемпионатында жолу болбоду. Ал алгачкы таймашууда эле хорватиялык Невен Зугайга жеңилип, Бээжинге олимпиадасына жолдомо алалбай калды.
Ал эми 84 жана 96 кг салмактарда өлкө намысын коргоого барышкан жаштар арасында дүйнө чемпиону, 15-Азия оюндарынын коло байге ээси Жанарбек Кенжеев менен Азия чемпионатынын коло медаль ээси Азат Эркинбаев биринчи беттешүүлөрдө эле атаандаштарына алдырып койду.
Оор салмакта 15-Азия оюндарынын коло байге ээси Нурбек Ибрагимов венгериялык Деак Бардоско жеңилип калганы менен венгер балбаны жарым финалга чейин жеткендиктен Нурбек коло байгеге талапкердин бири катары үчүнчү орун үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгү бар.
19-сентябрда Бакыда эркин күрөш боюнча да дүйнө чемпионатынын алгачкы күч сынашуулары болду. Мында дагы кыргызстандык жети балбан мөрөй талашып жатышат. Жеңил салмакта жаштар арасында дүйнө биринчилигинин жеңүүчүсү Турарбек уулу Нурлан жаштык кылып биринчи беттешүүдө эле кытайлык Жон Луого утулуп, таймашуудан чыгып калды.
Өлкөнүн эркин күрөшү федерациясынын вице- президенти, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Жеңиш Дөңбаевдин айтымында Бакыдагы дүйнө чемпионаты курч мүнөздө өтүп жатат. Дүйнөнүн мыкты балбандары баары тең Бээжин олимпиадасына жолдомо жеңип алууга дилгир болууда.” Кыргызстандык балбандардан эркин күрөш боюнча Азия чемпиондору Базар Базаргуриев менен Алексей Крупняков жана Талант Жекшеновдон үмүт кылып турабыз. Кыздардан жалгыз гана Азия чемпионаттарынын жеңүүчүсү Яна Панова Бакыдан багын сынап көрүүгө барды”, дейт Жеңиш Дөңбаев.
- Чынында каражаттын тартыштыгынан улам эл аралык мелдештерге балбандарды мурда катыштырбай, чеберчилик аксап, тажрыйба жетишпей калды көрүнөт. Быйыл бир айдын аралыгында эле үч чоң масштабдуу турнир болуп, бизге бөлүнгөн каражатты чыгымдап койдук. Бишкекте өткөн Азия чемпионатына дагы оңбогондой каражат короду. Ошентсе да Азия чемпиондору Базар Базаргуриев менен Алексей Крупняков жана Талант Жекшеновдон үмүт кылып турабыз.
Эми кыргызстандык балбандар Талант Жекшенов менен Данияр Самсалиев бүгүн 20-сентябрда килем үстүндө таймашууга чыгышат. Ал эми 21-сентябрда Азиянын чемпиону, мурдакы жылкы дүйнө биринчилигинин коло байге ээси, 14-15- Азия оюндарынын жеңүүсү Алексей Крупняков өлкөнүн намысын коргойт.
Бакыда өтүп жаткан дүйнө чемпионатына балбандарды сүрөөнгө алып үчүн Бишкектен жоон топ күйөрмандар барышты. Алардын катарында жакында эле өлкөнүн күрөш федерациясынын президенти болуп шайланган Максим Бакиев, улуттук олимпиада комитетинин жетекчиси Мурат Саралинов жана башкалар бар. Бакыдагы дүйнөлүк таймашуулар 23-сентябрда жыйынтыкталат.