Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:42

ЭЛ АРАЛЫК ЫСЫККӨЛ ОЮНДАРЫ БҮГҮН БАШТАЛАТ


Бүгүн 5-сентябрда Чолпоната шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында 7–эларалык Ысыккөл оюндары спорттун 15 түрү боюнча башталат. Мелдештер 11-сентябрга чейин өткөрүлөт. Оюнга Борбор Азия, Орусия, Кытай, Иран өлкөлөрүнүн командалары катышуу ниетин билдиришкен.

Мындан 7 жыл мурда эл достугуна данакер болсун деген тилек менен уюшулган Ысыккөл оюндары быйыл Чолпонатада жетинчи ирет өткөрүлгөнү турат. Биринчи оюндар- «21-кылым – улут ден соолугунун кылымы» деген ураан менен башталып, а кездеги премьер-министр Курманбек Бакиев баштаган кыргыз өкмөтү колдоого алган. Демилгени Борис Рогатин башында турган спорт уюмдарынын эларалык конфедерациясы да ар тараптан колдоп, көмөк көрсөткөн.

Алгач Ысыккөл оюндары спорттун 7 түрү боюнча өткөрүлүп, 35 жаштан жогорку ар кыл кесиптеги спорт ардагерлери катышкан. Биринчи эларалык Ысыккөл оюндарында Орусия спорттук держава экендигин далилдеп, жалпы командалык биринчиликти Свердлов областынын өкүлдөрү жеңип алышкан. Андан бери Эл аралык Ысыккөл оюндары ар жыл сайын өткөрүлүп келүүдө. Оюндар эки топ менен өткөрүлөт, биринчиси 35 жашка чейинкилер жана 35 жаштан өйдөкүлөр боюнча мелдеш болот. Бул салтка айланып баратат.

Оюндун кадыр-баркын арттырган, учурунда дүйнөгө таанылган орусиялык олимпиада чемпиондору Надежда Раджевич, Лидия Логинова, Светлана Кунышева, дүйнө чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү Игорь Бугров, Сергей Мерзляков жана Андрей Поландын Чолпонатага келиши болгон. Ал түгүл төртүнчү оюндардын ачылыш аземине Орусиянын экс- президенти Борис Ельцин дагы катышкан.

Совет доорунда казак спортунун сыймыгына айланган Райым Идирисов, Рустам Максимов менен Төлөндү Ахмеджановдун Ысыккөл оюндарына келиши анын таасирин дагы арттырган. Ысыккөл оюндарынын алгачкы рекордун казакстандык чоюн көтөрүүчү Николай Гаврилко койгон. Ал 25 кг чоюнду 160 ирет башынан бийик көтөрүп, алтын медаль тагынган.
Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкекте өткөн саммитинин алкагында өткөрүлүп жаткан быйылкы Ысыккөл оюндарына Борбор Азия менен Орусиянын 1000ге жакын спорт ышкыбоздору мөрөй талашууга келүү ниетин билдиришкен. Орусиянын командасында Москва шаарынын, Оренбург, Красноярск, Ярослав, Свердлов областтарынын өкүлдөрү бар.

Кытайдан келген меймандардын алды Чолпонатага келишти. Спорт уюмдарынын эларалык конфедерациясы жетекчилери да кыргыз жергесине келди. Оюнга Борбор Азия командалары да катышмакчы. Бул жөнүндө Ысыккөл эларалык оюндарынын башкы катчысы Алмаз Касенов буларды билдирди:

- Кыргызстандын намысын 500 спорт сүйүүчүлөрү спорттун 15 түрү боюнча коргомокчу. Команданын катарында сууда сүзүү боюнча Европанын экс- чемпиону, олимпиада оюндарынын катышуучусу Ахмед Анарбаев, учурунда «Алга» футболдук командасынын сыймыгы болгон Мехлис Кошалиев, Владимир Орешин жана башка атактуу спортчулар бар. Бул оюндун негизги максаты, биринчиден, негизги байлык – ден соолук дегендей, калктын ден соолугун чыңдоо. Оюндар эки топ менен өткөрүлөт, биринчиси 35 жашка чейинкилер жана 35 жаштан өйдөкүлөр боюнча мелдеш болот. Бул салтка айланып баратат.

Эларалык Ысыккөл оюндарына Бишкек шаарынын командасын баштап барган спорт комитеттин төрагасынын орун басары Бообек Кадыркуловдун айтымында борбордун намысын спорттун 15 түрү боюнча 250 спортчу коргойт.

-Биз быйыл спорттун бардык түрлөрүнөн команда коебуз. Бул оюн менен Ысыккөлдү рекламалап, туризмдин өсүп- өнүгүшүнө салым кошсок деген тилек.

Былтыр алтынчы эл аралык Ысыккөл оюндарынын отун жандырган олимпиада жана дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев оюндун деңгээлин жогорулап, таасири артып баратканын белгилеп, Якутиядан Сеул олимпиадасынын чемпиону Мария Күлчүнова-Пнигина да атайы келатканын билдирди.

-Спорт-достуктун, тынчтыктын элчиси экендигин айгинеледи. Бул оюндардын масштабын кеңейип, коңшулаш Кытай Эл Республикасынан команда келди. Эми Ооганстан, Индия, Иран, Пакистан, Түркия жана башка мамлекеттерден чакырып, спорттун олимпиадалык түрлөрүн да кошсо дурус болмок. Ысыккөлдөгү бул оюндун маанисин, таасирин арттыруу үчүн атайын менин чакыруум менен Сеул олимпиадасынын чемпиону Мария Күлчүнова-Пнигина келатат.

Быйылкы Ысыккөл оюндарын өткөрүүгө кыргыз өкмөтү 2 млн. сомго жакын каражат бөлдү. Бээжин олимпиадасына жолдомо жеңип алууга мүмкүн болгон эларалык мелдештерге, дүйнө чемпионаттарына катышууга каражат табылбай, машыгууга шарт түзүлбөй жатканда, спорт чиновниктеринин Ысыккөлдө оюндарды шылтоо кылып, аракет көрбөй жатышын айрым спорт адистери сынга алышууда. Мындай оюндар Минскиде, Астанада да өткөрүлүп жүргөндүгүн эске алсак, Ысыккөл эларалык оюндарынын деңгээлин көтөрүү үчүн Түркиянын, Индия, Пакистан, Ооганстан жана Иран мамлекеттеринин спортчуларын да чакырса дурус болмок, деген сын пикирлерди айткан адистер да болууда.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG