Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:44

КӨК БӨРҮДӨН ПРЕЗИДЕНТ КУБОГУН БИШКЕКТИН “БӨРҮЛҮҮСҮ” ЖЕҢДИ


31-августта Бишкектеги «Аккула» атмайданында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 16 жылдыгына карата өлкөнүн президентинин көкбөрү боюнча кубогуна арналган мелдешинин жана кунан жарыш, ат чабыш, жорго салыштын жеңүүчүлөрү аныкталды. Баш байгени жана кубокту ар жыл сайын өлкө башчысы тапшырса, бул ирет Бишкектин «Бөрүлүү» командасына сыйлыкты президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Айбек Алыбаев тапшырды. Учурда Кант шаарында футбол боюнча Эгемендүүлүк кубогуна арналган таймашуу өтүүдө.

Быйылкы Президенттин кубогуна арналган турнирге Нарын, Талас, Ош, Жалалабат, Ысыккөл жана Чүй облусттарынын, Бишкек шаарынын 10 командасы катышты.

Президенттин кубогунун баш байгеси үчүн таймашууну көрүү үчүн “Аккула” ат майданына вице-премьер-министр Досбол Нур уулу, Айыл жана суу чарба министри Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары жана башка көкбөрү күйөрмандары келишти.

Сегизинчи ирет өткөрүлүп жаткан президенттин кубогунун финалдык беттешүүсүндө Нарын облусунун “Дордой” командасы менен Бишкек шаарынын “Бөрүлүү” командасы күч сынашты. Биринчи таймда абайлап ойношуп, эсепти «Дордойдун» жигиттери Урмат Мусаев менен Жолдош Осмоналиев биргелешип улак таштоо менен ачты. Экинчи таймда мелдештин бешинчи мүнөтүндө экинчи улакты да “Дордой” командасынын чабуулчулары Жолдош Осмоналиев менен Урмат Мусаев экөөлөп тайказанга салып, оюндун эсебин 2:0гө жеткирди. Экинчи таймда «дордойчулар» дагы бир улак таштоого үлгүрүштү.

Көкбөрүнүн финалдык таймашууларына күбө болуп жаткан Жогорку кеңештин депутаты Улугбек Ормонов мындай деди:

- Мурда кийин мындай курч таймашууну көргөн эмес элем. “Дордой” менен “Бөрүлүүнүн” жигиттеринин даярдыгы, чеберчилиги мыкты экен. Айрыкча “Бөрүлүүнүн” улакчыларынын жеңишке умтулуусу башкаларга үлгү.

Үчүнчү таймда гана Бишкек шаарынын “Бөрүлүү” командасы эсепти теңдемек тургай демилгени колго алып 15 мүнөттө алдыга чыгышты. Натыйжада Бишкек шаарынын ички иштер башкармасы демөөрчү болгон “Бөрүлүү” командасы оюндун акыркы мүнөттөрүндө 5:3 эсебинде Нарындын «Дордой» командасын утуп алды.

Мелдештин жалпы байге фондусу үчүн өкмөт казынадан 1,5 млн. сом каражат бөлгөн. Баш байгени жеңип алышкан Бишкек шаарынын ички иштер башкармасынын “Бөрүлүү” командасына президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Айбек Алыбаев Президенттик Кубокту жана 400 миң сом сыйлыкты тапшырды.

Өлкөнүн вице-премьер-министри Досбол Нур уулу финалдык таймашуу курч мүнөздө өткөнүн белгилеп, бабалардан мурас болгон көкбөрү оюну эл аралык деңгээлде таанылып баратканын «Азаттыктын» кабарчысына айтты.

Экинчи орунду ээлеген Нарын облусунун “Дордой” командасына 300 миң сом байге ыйгарылды.
Үчүнчү орунду Талас облусунун “Манас-Талас” командасы ээлеп, 200 миң сом сыйлыктын ээси болушту. Мелдешке катышкан калган команданын баары акчалай сыйлыктар менен сыйланды.
Көкбөрү федерациясынын президенти, Жогорку кеңештин депутаты Аскар Салымбековдун пикиринде, бул оюн өтө көп чыгым, түйшүктү талап кылат.

- Жыл өткөн сайын жаңы эреже элге алынып, оюндун таасири артып баратат. Он жылдын аралыгында далай түйшүктү баштан өткөрдүк. Баткакта, жамгырда, ызгаардуу кышкы суукта калып, көкбөрү мелдештерин өткөргөн күндөр болду. Көп чыгым, түйшүккө чыдабагандар биз менен кош айтышты.Эл намысы деген саналуу гана мекенчил инсандар калдык. Эгемендүүлүккө ээ болгону көкбөрү кеңири жайыла баштады. Совет доорунда бул оюнга тыйуу салынып, улутчулдуктун бир элементи катары ойнотулбай келген учурлар да болгон. Эми эгемендүүлүк майрамынын көркү болууда.

«Аккула» ат майданындагы кунан чабышта 11 чакырым аралыкта Чолпонатанын «Аспара» аттуу күлүгү марага озуп келди.

Ал эми 11 чакырым аралыкка жорго салыштын баш байгесин Чолпоната асыл тукум жылкы чарбасынын “Патрон” аттуу жоргосу менен биринчи орунду саяпкер Токтосунов жеңип алды.
Аламан байге ат чабыштын баш байгеси казакстандык саяпкер Толик Пугель таптаган «Тасай « аттуу күлүк жеңип алды.

31-августта ар жыл сайын футболдон эгемендүүлүк кубогунун финалдык беттешүүсүн өткөрүү салтка айланган. Быйыл да футбол күйөрмандары эгемендүүлүк кубогуна Кант шаарында күбө болуп жатышат. Себеби, финалда баш байге үчүн Канттын “Абдышата” командасы менен Жалалабаттын “Локомитив” командасынын ортосунда таймашуу болуп жатат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG