Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:18

КЫРГЫЗСТАНДЫН КҮРӨШ ФЕДЕРАЦИЯСЫНА МАКСИМ БАКИЕВ ПРЕЗИДЕНТ БОЛУП ШАЙЛАНДЫ


Өлкөнүн жалпы күрөш федерациясынын президенттигине азыркы президенттин уулу Максим Бакиев шайланды. Айрым эксперттер муну экс-президенттин уулу Айдар Акаевдин жолун кайталоо катары баалашууда.Балбандарга жардамы тиет деп, президенттин уулунун спортко келишин туура көрүп колдогондор да болууда.

28-августта өлкөнүн күрөш федерациясынын кезексиз конференциясы өтүп, бул федерациянын президенти, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Нариман Түлеев өз каалоосу менен жетекчилик ордун бошотуп, анын ордуна президент Курманбек Бакиевдин уулу ишкер Максим Бакиев жетекчи болуп бир добуштан шайланды. Ал эми Нариман Түлеев бул уюмга президент болгонуна эки айга жеткен жок. Жыйында ал федерациянын биринчи вице-президент болуп шайланды. Максим Бакиевди күрөш федерациясы Улуттук олимпиада комитетинин мүчөлүгүнө да сунуш кылмак болушту.

Бишкектеги Улуттук олимпиада комитетинде өткөн конференцияга өлкөнүн грек-рим, самбо жана эркин күрөш федерацияларынын мүчөлөрү жана спорт коомчулугунун өкүлдөрү катышты. Жыйында уюштуруу маселелери каралды. Өлкөнүн эркин күрөш федерациясынын жетекчиси Мелис Турганбаевдин пикиринде белгилүү ишкер Максим Бакиевдин жалпы күрөш федерациясына президент болушу Кыргыз спорту үчүн утуш гана алып келет. Ал Бээжин олимпиадасынын балбандарга баардык шарт түзүп, колдоого алаарын билдирди.

- Финансы, материалдык, аты жагынан жардам берет деп ойлойм. Бул жерде саясат менен байланышы жок. Максим Бакиев өзү президент болгондон кийин өкмөт, каражат жагынан да жардам берет. Ал өзү да Бээжин олимпиадасына жолдомо алган балбандарга, Бакы шаарында өтчү дүйнө чемпионатында мөрөй алгандарга үй, турак жай жана автоунаа маселелерин чечип берем деп убада кылды.

Кыргызстанда дагы Азербайжандан президенти Илхом Алиевдин жана экс- президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевдин салты улантылып, спорт чөйрөсү Максим Бакиевге кошомат кылып жатканын Жогорку кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев айтып, мындай деди:

-Күрөш федерациясына президент болуш үчүн Максим Бакиев өзү ошол тарапты билген, мыкты спортсмен болуш керек, же профессионал уюштуруучу болушу керек. Күрөш федерациясы учурда абдан даңазалуу, аты чыгып кыргызстанды дүйнөгө таанытып турган уюм. Демек, Бакиевдер Кыргызстанда эң таасирдүү аймактардын баарын колго алып, бүт бардыгын ээлеп атат. Кыргызстанда эмне Максим Бакиевден башка спорттун эң бир мыкты адамдары, дүйнөгө Кыргызстандын атын чыгарып жүргөн атактуу чемпиондор жокпу? Бул бийликке өтө ашкере кошомат кылуу.

Экс-президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев алгач бокс федерациясына президент болуп, андан бир ай өтпөй улуттук олимпиада комитетинин президентигине шайланган. Анда дагы жарытылуу иштебей, спорт коомчулугунун ишенимин актаган эмес. Учурда дагы Максим Бакиев Айдар Акаевдин жолу менен баратканын, жакынкы аралыкта ал дагы улуттук олимпиада комитетине президент болоорун жоромолдогон спорт күйөрмандары да бар.

Өлкөнүн күрөш федерациясынын мүчөлөрү жана аткаруу комитети мурдакы курамы менен келээрки кайра-шайлоо конференциясына чейин калышты. Жалпы күрөш федерациясынын башкы катчысы Владимир Боголеповдун ордуна жаңы башкы катчы болуп улуттук олимпиада комитетинин эл аралык бөлүмүнүн башчысы Саламат Эргешов дайындалды.

Жыйынга маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чакырылган жок. Максим Бакиев спорт коомчулугуна ыраазычылыгын билдирип, балбандарга бардык шарт түзүп, каражат маселелерин чечип берүүгө убада берди.

Дагы айта кетчү жагдай, быйыл жазында өлкөнүн ок атуу федерациясынын президенттигине Максим Бакиевдин улуу агасы Марат Бакиев жетекчи болуп шайланган.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG