Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:40

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮШТҮГҮНДӨ МААЛЫМАТ КООПСУЗДУГУ КОЛДОН ЧЫГЫП БАРАТАБЫ?


Калкты маалымат менен камсыз кылууда өлкөнүн маалымат каражаттары дагы эле чабалдыгын көрсөтүүдө. Жалалабат облусунун көрөрмандары өзгөрүүгө аракет кылып жаткан КТРдин ишине анча канааттана беришпейт. Коомчулуктун пикиринде угармандар менен көрөрмандардын көпчүлүгү берүүлөрү кызыктураак Өзбекстандын үналгы-сыналгыларына көнүп алышкан.

Өлкөнүн маалымат каражаттары маалымат коопсуздук жаатында Өзбекстандын үналгы-сыналгыларына уттурууда. УТРКда окуя-фактылар калыс эмес, мамлекеттик саясатка ылайыкташтырылып, коомдук маанилүү окуялар кечеңдетилип жарыялангандары бар. Жаңылыктарды УТРКдан билген Абдрасул Эшалиев өңдүү адамдардын үй-бүлөсүн кызыктуу кинолорду көрсөткөн Өзбекстандык сыналгылар тартып алган:

- Менин көңүлүмдү бул КТРдин программалары жана башка журналисттердин даярдаган программалары канааттандырып, өзүнө тарта албаса керек. Кечеңдетип бермей адаттары бар. Ага чейин биз радиолордон деле угуп алабыз. Аксакал журналисттердин арасында калыс, ак сөзүн жарып айткандар аз, - дейт Адрасул Эшалиев.

Элди УТРКда көбүнчө жыйналыш жана узакка созулган талкуулар тажатууда. Садыралы Абдыкеримовдин баамында өкмөттүк сыналгы жаштарга ылайыктуу иштеп, калган курактагыларды унутууда.
Республиканын маалымат каражаттарынан издегенин таба албаган кишилер өзбек берүүлөрүн угушуп, натыйжада балдардын тили өзбекчеге ыкташып, Кыргызстандагы белгилүү адамдарды тааныбай калууда. Өлкөнүн маалымат каражаттары калкты бейтарап, эркин маалымат менен камсыздоодо чабалдыгын көрсөтүүдө:

- Уттуруп жатабыз маалымат жагынан. Өзбекстандын программаларынын дээрлик 80-90% Жалалабат облусу толугу менен көрөт. Жаңы төрөлгөн балдар тили чыга баштагандан баштап көрө башташат. Алар өзбек элинин артисттерин, жазуучуларын, кино жылдыздарын беш колдой билет. Ошол эле учурда кыргыздардыкын сурасаң билбейт, - дейт Садыралы Абдыкеримов.

Облустун башкы гезити жамааты менен эс алууга чыгып кеткен.Жалалабат телерадиокампаниясы убакыттын кыскалыгынан болгон окуяларды өз кезегинде элге көрсөтүүгө чамасы жок. Маалымат боштугун толтурууга аракет кылган көз каранды эмес «Сентябрь» сыналгысы техникалык жабдууларга муктаж. Сыналгынын Түштүк аймагындагы өкүлү Асылбек Текебаевдин белгилешинче облус калкы бейтарап маалымат каражаттарын эңсеп турат. Коомдук мааниси бар окуяларды телеканал кеңири чагылдырууга аракет кылат. Чыгармачыл жамааттын облустагы тийшелүү тармактар менен байланышы аздыгынан керектүү маалыматтарды алууда ыңгайсыз абал түзүлгөн:

- Өкмөттүк басмалар, өкмөттүк телерадиолору иштеп жаткандыктан ал жерден мамлекеттин саясатынын багытында маалыматтар кетет. Маалымат алууда башка өкмөттүк уюмдар менен бийлик органдары менен байланыштар жетишсиз болгондуктан биз учурунда материалдарды алганга үлгүрбөй калып жатабыз. Буга окшогон ар тараптуу чагылдырган көз карандысыз телеберүү жана көз карандысыз басма сөз каражаттары бүгүн элге өтө муктаж, - дейт Асылбек Текебаев.

Бирок, Сузак районунан Абдыкадыр Исраиловдун баамында «Сентябрь»телеканалы жарнамаларды көп берет жана эл каалаган маалыматтар менен жетишээрлик камсыз кыла албай келүүдө. Сыналгы көрсөткөн коркунучтуу тасмалардан жаман жорук үйрөнгөн тестиерлер да жок эмес. Мамлекеттик деп эсептелген ЭЛТР сыналгысында техникалык кемчиликтер арбын:

- Экранда электенип тунук көрсөтпөйт. Түстүү телевизору деле, жөнөкөйү деле ошондой. Үнү өчүп калат, кайра чыгат. Бир айдан бери коркунучтуу кинолорду берип жатышат. Бири-бирин сайып, аралаган жаман терс формадагы кинолор экен. Эртеси күнү кошунамдын баласы кичинекей инисин колуна араа алып кубалап жүрөт. Кечээ ушундай кино көрдүм сени кесеп деп, - дейт Абдыкадыр Исраилов.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG