Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:45

КАРАКОЛДО СПАРТАКИАДА БАШТАЛАТ


6-августтан 11-августка чейин Каракол шаарында Кыргызстандын 5-спартакиадалык оюндары спорттун 14 түрү боюнча өткөрүлөт. Буга Алатоонун 7 облусунун Ош жана Бишкек шаарынын 9 командасы катышат.

Эгемен өлкө болгону Кыргызстанда биринчи спартакиада 1996-жылы Бишкекте өткөрүлүп, эстафетаны 2 жылдан кийин Ош шаары уланткан. Үчүнчү спартакиадалык оюндардын мелдештери 2002- жылы Карабалта шаарында болгон. 2004- жылы Жалалабат шаарында төртүнчү спартакиданын оту жанып, кийинки эстафетаны Каракол шаарына тапшырган. Ушул төрт оюндарда тең баш байгени Бишкек шаарынын командасы колдон чыгарган эмес.
Эми бүгүн 6- августта Караколдо башталчу 5-спартакиада спорттун олимпиадалык 14 түрү боюнча өткөрүлмөкчү. Мелдештерде Алатоонун 7 облусунун, Ош жана Бишкек шаарларынын командалары мөрөй талашат.

Спартакиаданын таймаштарында бир миң алты жүздөн ашуун спортчусу күч сынашмакчы. Спорттун 8 түрү боюнча мелдештер Караколдо, ал эми волейбол оюндары Аксууда, шахмат акыл таймаштары- Жыргалаңда, оор атлетика, эркин жана грек- рим күрөштөрү Түп районунун Маяк айылында болот. Караколдо сууда сүзүү бассейини болбогондуктан суучулдар Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайында мөрөй талашат.

Спартакиаданын акыркы камылгалары жана ага бөлүнгөн каражат тууралуу Кыргызстандын дене тарбия,спорт,жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касенов мындай деди:

- Быйыл Ош шаары экинчи ирет өз алдынча команда болуп катышууда. Спартакиаданы өткөрүүгө казынадан 2 млн.сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Мелдештерди уюштурууга Каракол шаарынын спорт жайлар даяр. Командаларды 4-5- августтан баштап кабыл алды. Бул спартакиада кыргыз спортунун айрыкча айыл жаштарынын спорттун багын ачууга, өсүп- өнүгүшүнө өбөлгө болот.

Спартакиадалык оюндар айыл жергесиндеги спортту жандандырып, айылдык таланттардын, спортко шыктуулардын жолун ачса деген тилек айтуу менен Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын директору Касымкул Оболбеков мындай деди:

- Түптүн Маяк айылында күрөш боюнча зал салынып, ишкерлер машыктыруучуларга айлык төлөп, балбандар даярданып жатат. Мындай демилгелер Таласта, Ысыккөлдө жана Чүйдө да колдоого алынууда. Бир гана күрөшкө көңүл бурулбай, спорттун башка түрлөрүнө да шарт түзүүгө убакыт жетти.

Облустардын жетекчилери элдин ден соолугун карап, спортко болгон мамилесин өзгөртөт деп ойлойм.
Бул мелдеш эмки жылы Пекин олимпиадасынын алдында май айында өткөрүлсө таасирдүү болмок дегендер да бар. "Учурда райондук мелдештер эптеп өткөрүлүп, каражаттын жетишсиздигинен облустардын командаларынын даярдыгы начар " дейт Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Алымгазы Адыкулов:

- Биринчиден, каражат маселесин чечүү менен райондук, анан облустук этапта спартакиада уюштурулса, мыктыларды иргеп алууга мүмкүн болмок. Тилекке каршы, облустарда спортчулар унутулуп калып, ушундай мелдештер учурунда гана эске алынат. Себеби бир топ жылдан бери облусттарда мындай масштабдуу мелдештер өткөрүлгөн эмес. Спортчулардын чеберчилик деңгээли абдан төмөн. Жаңы эле окууга келишкен студенттерден команда түзүп, эч бир даярдыксыз мелдешке алып баратышат.

Мурдакы спартакиадада жеңип чыккан командаларга ири өлчөмдөгү акчалай сыйлыктар берилчү. Быйыл жеңүүчүлөргө кандай сый-урмат көрсөтүлөөрүн дене тарбия,спорт,жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касенов айтып берди:

- Быйыл жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар берилет. Үч даражадагы диплом жана медалдар: алтын, күмүш жана коло байгелер да ыйгарылат.
Спорттун 14 түрү боюнча өткөрүлө турган Караколдогу 5-спартакиаданы жалпы журтка маалымдоо үчүн Бишкектен 4 спорт журналисти гана барышты.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG