Төрт айдын ичинде мамлекеттик резиденциянын аймагындагы 8 миң чарчы метр аянтка Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин катышуучулары жайгаша турган конок үйү жана өлкө башчылары үчүн үч мейман үйү салынып бүткөн. Имараттын ачылыш аземине президент Курманбек Бакиев өзү барып катышып. Куруучуларга ыраазычылык билдирди. Ал жалпысынан курулушка жети жарым миллион АКШ доллары сарпталып, курулуш иши кытайлыктар менен бирге жүргүзүлгөнүн, эл аралык талаптарга ылайык курулганын белгиледи.
- ШКУ саммитине даярдануу жана өткөрүү максатында мамлекеттик №1 резиденциянын аймагындагы курулушу 157 күндүн ичинде өз мөөнөтүнөн эрте бүтүрүлдү. Жыйындар өтө турган имарат жана үч мейман үйүнүн курулушуна өкмөттөн 7,3 млн доллар, имараттардын айлана-чөйрөсүн жашылдандыруу жана башка иштерге 59 млн сом жумшалды. Кытайлыктар мындан сырткары 30 жеңил автоунаа жана 10 автобус дагы беришит.
Курулушту ишке ашырган Кытайдын “Синьгун” эл аралык корпорациясынын жетекчиси Лан Мандын айтымында имаратты курууда эл аралык талаптар эске алынды.
- Жаңы технология, жабдуу, шаймандар колдонулду. Коопсуздук эрежелери да сакталды.
ШКУнун саммити өтө турган резиденциядагы курулуш толугу менен аяктап, учурда аземдөө, жасалгалоо иштери менен алектенишүүдө. Жасалгалоодо көбүнчө батыштын таасири байкалганын, кыргыз улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алган туш кийиз үлгүсүндөгү терезе пардалар менен кыргыз оймо- чиймелерин гана көрүүгө болот.
Саммит башталганга чейин дагы улуттук буюм- тайымдар коюлаарын президенттин иш башкармасынын жетекчиси Курманбек Темирбаев маалымдады.
Жыйын өтүүчү бөлмөгө илинген жыгачтан чеберчилик менен көп түйшүктөн жаралган картинанын автору аны эч кимге сатпай да, көрсөтпөй да келген. Мындай маанилүү иш чара , окуя үчүн аны берүүгө макул болгон.
Конок үйдө конференция өтүүчү зал, мамлекет башчылары олтуруучу бөлмөлөр дагы толугу менен аяктап, акыркы үлгүдөгү эмеректер коюлган. Астында чарчап-чаалыккандар үчүн бассейин, сауна, эс алуу жайлары да курулган. Иш толук аяктаганы менен жасалгалоо иштерин дизайнерлер аткарууда.
Резиденцияда курулган үч мейман үйүнө казак, орус жана өзбек мамлекеттеринин президенттери жайгаштырылмакчы. Бул үч үй батыш үлгүсүндө салынып, бардык ыңгайлуу шарттарга ээ.
Президенттин иш башкармасынын алдындагы “Кыргызкурулушсервис” ишканасынын жетекчиси Абдылас Турдакуновдун айтымында бул курулуш кытайлык фирма үчүн пайдалуу жарнама болду. Өлкөнүн курулуш тармагында колдоно элек жаңы технологияларды, ыкмаларды үйрөндүк, биздеги курулуш тармагын реформа кылуунун зарылдыгын көрдүк,- дейт Абдылас Турдакунов.
Эң негизгиси жыйын өтө турган конок үйдун долбоору кыргызстандык архитектор таандык.