Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:25

«ДЕМОКРАТ» УКУК КОРГОО УЮМУНУН ӨКҮЛҮ КАРМАЛДЫ


30-июлда «Демократ» укук коргоо уюмунун ондон ашуун өкүлү АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдына АКШ аскер базасын колдоп, акция уюштурушкан. Анын катышуучусу Алишер Исламовду коомдук тартипти бузду деп милиция камакка алган. Анын иши сотко өткөрүлгөнүн ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси, милициянын полковниги Бакыт Сейитовдун айтымында 30-июлда АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдына “Демократ” укук коргоо уюмунун ондон ашык кишиси пикет өткөрүп, коомдук тартипти бузган.

- Укук коргоочу Турсун Ислам жетектеген «Демократ» укук коргоо уюмунун өкүлдөрү «Манастагы» антитеррордук базаны колдоо иретинде элчиликтин алдына чыгышкан. Алар коомдук тартипти бузганда ага жол бербөөнү эскерткен Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине алар жаман сөздөрдү айтышкан. Пикетчилер тынчтык менен тарабай койгондо милициянын тилин укпай, тентектик кылды деп, “Демократ” укук коргоо уюмунун активдүү мүчөсү Алишер Исламовду кармап кетишкен. Учурда анын иши сотко өткөрүлдү. Ага администрациялык жаза берилеби же акчалай айып салынабы, аны сот чечет. Алишер Исламов учурда Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын убактылуу кармоочу жайында камакта олтурат.

Ал эми «Демократ» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Турсун Исламовдун пикиринде, алар «Манастагы» антитеррордук күчтөрдү колдоо иретинде АКШ элчилигинин алдына пикетке чыгуу тууралуу Ленин районунун акимчилигинен уруксат алышкан.

- Эч кандай тартип бузбай АКШнын жана Кыргызстандын желектерин көтөрүп, “Ганси” базасы Борбор Азиянын, өлкө коопсуздунун кепилдиги деп турсак, милиция чыр чыгарып уулум Алишерди кармап кетти. Анын ден соолугу деле жакшы эмес, -дейт Турсун Исламов.

ШКУнун саммитинин алдында «Манастагы» антитеррордук күчтөрдү өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүсүн талап кылган Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери Клара Ажыбекова баш болгон айрым бейөкмөт уюмдар да бар.

Айрым адистер «Демократ» бейөкмөт уюму Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити болоор алдында коомчулуктун көңүлүн буруу максатында бул иш-чараны уюштурду деп баа беришүүдө.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG