Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:27

ТЕРРОРЧУЛАРДЫ КАРЖЫЛООГО КАРШЫ КҮРӨШТӨ ЖЫЛЫШТАР БАР


Террористтерди каржылоого каршы күрөштө эл аралык коомчулук аз-аздап ийгиликке жетишүүдө. Бул тууралуу ушул аптада Лондондо өткөн конференцияда айтылды.

Террористтерге акча керек, Акчага алар курал сатып алышат, чабуулдарды ишке ашырышат, үгүт иштерин жүргүзүшөт, жаңы кошулгандарды машыктырышат жана өздөрү жол жүргөндө унаага жана жатагына төлөшөт. Башкача айтканда, акчасы болбосо, террорчулар террорун жүргүзө албай калат. Ошондуктан алар зарыл каражатты алуунун жана бир өлкөдөн экинчи өлкөгө акча которуунун ар кыл жолдорун ойлоп табышкан. Бүгүнкү күндө акча которуу өтө жеңил, ошондой эле мындай акчанын агымын токтотуу кыйын, анткени террорчулар колдонгон каражаттын көбү мыйзамдуу жол менен табылат, террорчулардын уюшмаларынан маалымат алуу татаал, ири донорлор аз, майда донорлорду кармаш кыйын. Ушуга байланыштуу эл аралык коомчулук террорчуларды финансылоо менен күрөштө ийгиликке жете алабы деген суроо туулат.

Бул суроого Лондодогу Коргонуу жана Коопсуздукту изилдөө боюнча падышачыл институтта өткөн конференциясында оң жооп алынды.

Жыйындын катышуучусу, Нью-Йорктогу шаардык унивеситеттин жардамчы профессору Петер Романюк олуттуу жылыштар жасалганы менен террористтердин каржылоосуна бөгөп коюда дагы иш көп экендигин белгиледи. Анын айтымында, терроризмдин структурасы бир борбордон башкарылбайт, анын үстүнө шериктерди табуу жана финансылоо жагынан ар кыл уюшмалар ар башкача иш алып барышат.
Соңку жылдары айрыкча соопкерчиликке жамынып, астыртан террористтерди акча менен камсыз кылган исламдык уюмдарга байланыштуу бир топ тынчсыздануу болгон. Бирок Британияда катталган соопчулук уюмдарынын саны такталып, алардын иши белгилүү болгондуктан, алардын ичинен террористтер менен байланышкандары саналуу гана болушу мүмкүн. Бул тууралуу Британиянын соопчулук ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө агенттигинин жетекчиси Эндрю Хинд мындай дейт:

- Англияда жана Уэлсте бизде 190 миң катталган соопчулук уюмдары бар. Алардын 120сынын иши олуттуу тынчсыздануу жаратууда. Алардын 40 чактысынын үстүнөн кылмыш иши жүрүп жатат. Бул 40ынан жетөө -террордук байланышы бар деп шектелгендер.

Хинддин айтымында, Британиянын Соопчулук комиссиясы учурда соопчулукка делген каражат террористтердин колуна түшүп калышы мүмкүндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

XS
SM
MD
LG