Облуста 31 миң гектар жердин ордуна 25 миң гектар аянтка пахта айдалган. Бирок, ал аянттарды иштетүүгө адам жетишпейт. Пахта менен жан багуунун оордугунан күүлү-күчтүү жаштар берекелүү маяна төлөөр жумуш издеп Казакстан менен Орусияга кетишкен. Айылдарда калган кары-картаңдардын жер иштетүүгө чамасы чакталуу, дейт өң-тууганы башка жакта жүргөн үлүш жерлүү Курманбү Мазарипова:
- Жер өзүн өзү актабагандыктан биздин ар бир үйдөн Орусияда жүргөндөр көп. Бул жерде жалаң картаң адамдар калды.
Жылдан жылга жер айдоо, үрөн, күйүүчү май, техника, минералдык азык, уу-химикаттардын баалары кымбаттап, жаз айларынан кеч күзгө дейре үй-бүлөсү менен пахта өстүргөн дыйкандын жарым мээнети да акталбай калууда. Ноокен районундагы дыйкан чарбанын башчысы Акрам Сатиев мамлекет тарабынан дыйканчылыкка көнүл бөлүнбөгөнүнө капа:
- Техника каражаты, үрөөндүн, ГСМдин кымбаттыгынан азыр бир гектар жерге 20-25 миң чыгаша кетип калып атат. Биздин сата турган пахтабыз 10 сомдон ашпай атат. Азыркы күндө түштүктө пахта эккенди азайтышууда. Көп жерде күрүч эгип атышат.
Пахтанын чыгымы көп болуп, жумшалган мээнет акталбагандыктан дыйкандар башка өсүмдүктөрдү эгүүгө аргасыз болушту. Кызылжар өрөөнү менен Базаркоргон, Сузак районундагылар пахта ордуна күрүч, дарбыз-коон, пияз эгүүгө өтүштү. Сузак районундагы Ташбулак айыл өкмөтүнүн бир нече тургундары жылда пахта айдаган үлүш аянттарын атүгүл карабай таштап да коюшту. Айыл тургуну Батма Калчабаева жеринин жайдак калышын суунун тартыштыгы менен пахта оорусуна жана чыгымдарга каршы жардам берилбей, айыл чарба өнүмдөрүн мамлекеттин сатып албагандыгынан көрөт:
- Биз азыр 6 жарым гектар жерге пахта экпейбиз, эч нерсе эгилбей калды. Суу жоктугунан бардыгы жүгөрү эгип атат. Быйыл жетекчилер айыл чарба жагына көңүл бурушкан жок.
Суунун жетишсиздигинен дыйкандар өз ара кызыл чеке болгон учурлар да катталды. Облустук бийликтик агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Кадырбек Кудайбердиев Базаркоргон районунда суу кайтарган эки жоокерди сабап койгондорго тергөө жүрүп жатканын билдирди. Аз айдалган пахталардын ордун жүгөрү, май өсүмдүктөрү менен көп жылдык чөп ээлеген. Өкмөт облустун айыл чарба тармагына быйыл 1200 литр күйүүчү май менен миң тонна ашык үрөн берген. Кытайдан алынган тракторлордон облуска 173 тийген. Облуста болгон суу дыйкандарга тең бөлүштүрүлүүдө:
- Бүгүнкү күндө ар бир каналдарга ички органдардын жардамы менен постторго туруп сууну тең бөлүп берүү аракети аткарылып, мүмкүң болушунча дыйкандарга берилип жатат. Орусияга, Казакстанга жердин өзүн-өзү актабагандыктан жаштар кеткендиктен, талаачылыкка иштей тургандар азайып, эгүү аянты бир топ азайып жатат. 700 тонна дизелдик отун, миң тоннага жакын аштык буудай бөлүнүп облустун аймагындагы айыл чарба субъектилери да бөлүнүп берилген.