Жыйында чыгып сүйлөгөндөр Кыргызстанда экологиялык, энергетикалык, маалыматтык, технологиялык жана ден соолук коопсуздугу өтө орчундуу маселелер экендигин баса белгилешти.
Маселен, глобализация маселелерин иликтөөчу коомдук уюмдун жетекчиси Карыбек Байбосуновдун пикиринде Кыргызстанда маалыматтык коопсуздук сакталбай, мамлекеттик жашыруун сырлар сатылууда. Ошондой эле ден соолук коопсуздугуна, айрыкча электро- магниттик коопсуздукка өлкөдө маани берилбей келетат, анын натыйжасы 5-10 жылда айкын байкалат. Жаратылышты жабыркаткан Кумтөр алтын кенин иштетүүнүн кесепеттери учурда айкын байкалууда. Кыргызстан көптөгөн кооптонуулардын курчоосунда калды, - дейт Карыбек Байбосунов.
- Чынында жаан - чачын да өлкөдө бирдей жаабайт. Бир райондо көп жааса, экинчи райондо жаан жаабаган учурлар кездешет. Топурактын астында муз сымал чополор жайгашкан жерлер арбын. Ошол чополор суу өткөрбөгөндүктөн, жаан көп жааган аймактарда жер көчкү жүрүшү күтүлөт. Мындай кырсыктар түштүк аймактарда болууда. Ошондой эле жерде көмүлүү жаткан уран калдыктарын да бузуп кетсе, экологиялык чоң коркунуч жаралат.
Адистердин айтымында жаратылыш бир бүтүндүк болгондон кийин өзгөрүүлөр Кыргызстанга да таасирин тийгизет. Жер жүзүндөгү кубулуштар, процесстер баары бири бир менен байланышта болгондуктан, бир континенттеги өзгөрүүлөр Кыргызстанга да таасирин тийгизиши ыктымал.
Жыйында сүйлөгөн Жогорку кеңештин төрагасынын орун басары Эркин Алымбеков негизги көңүлдү экологиялык коркунуч туудурган жагдайларга, айрыкча Ысыккөлдү сактоо маселерине адистердин көңүлүн бурду.
Өлкөнүн токой чарбасы жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Айткул Бурхановдун пикиринде экологияны сактоо маселесин экономика, социалдык тармактар менен бирге комплекстүү кароого мезгил жетти. Бул багытта Орусиянын Свердлов облусунун адистердин жаңы заманбап техникаларды колдонушу, экологияны сактоо тажрыйбалары үлгү.
Кыргызстандын экологиялык системасын, биотүрдүүлүгүнүн тең салмактуулугунун бузулушу да жаратылышта өзгөрүүлөрдү алып келээри жыйында айтылды.
Эл аралык жыйындын демилгечиси “Интегарл” Орус-кыргыз биргелешкен ишканасынын жетекчиси Ольга Колбасинанын айтымында орусиялыктар Кыргызстандын жаратылышына суктануу менен мамиле кылышат. Ошондуктан кыргыз бермети аталган Ысыккөлдү сактоо, мөлтүр сууларды коргоо маселерин комплекстүү кароо зарыл.
- Эки өлкөнүн коопсуздук кызматташуусунун алкагында, энергетикалык, маалымат, техникалык жана экологиялык коопсуздуктарды сактоодо биргелешкен аракеттериди көрүү менен тажрыйба алмашуу башкы максат. Керемет Ысыккөлдү көздүн карегиндей сактоо керек.
Комплекстүү коопсуздук маселери боюнча эл аралык конференция өз ишин 22- июлга чейин улантат.