“Манас” аэропорту чет элден келген меймандарга өлкөнүн жүзүн таанытуучу, босогосун аттоочу жай болгондуктан Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине карата оңдоп түзөө жаңылоо иштери быйыл 15-майда башталган.
Эл аралык “Манас” аэропортунда атайын расмий меймандарды кабыл алып, узатчу бөлмөнү президенттик бөлмө деп атап коюушат. ШОСтун саммити учурунда бул жерде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн президенттерин жана байкоочу мамлекеттердин жетекчилерин кабыл алып, узатуу милдети турат. Андыктан бул расмий жетекчилерди тосуп алуучу бөлмө да оңдолүп, улуттук өзгөчөлүктөргө басым жасалып жаңыланды.
Эл аралык “Манас” аэропорту ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынын жетекчиси Толгонай Стамалиеванын айтымында, жумшак эмеректен бөлөгүнүн баары жаңыртылган. Бул бөлмөдөгү жабдуулар жаңыртылып, жылуулук берип, муздатуучу желдеткичтер орнотулду. Бул жер расмий меймандарды кабыл алып, жолугушуу, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ыңгайлуу.
- Ал эми анын катарындагы бөлмө расмий делегация өкүлдөрүн тосуу үчүн оңдолуп- түздөлгөн. Ички каттамдарды уюштуруучу биринчи кабат Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин катышуучуларын коштоп келген меймандарды, маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн кабыл алуу үчүн капиталдык ремонттон өтүп, 25-июлга чейин аяктайт. Аэропорттун учактар конуп, токтоочу аянты, сырткы келбети дагы оңдолуп, даярдыктар көрүлүүдө.
“Эсен-эйр” авиакомпаниясынын президенти Бегалы Наргозуевдин пикиринде “Манас” аэропорту совет доорунда курулгандыктан улуттук өзгөчөлүктөр, Кыргыз мамлекетинин рух-шаасы сезилбейт.
- Орусиянын эле бир аэровокзалына келип түшүп калгандай сезесиң. Башка өлкөгө барганда дароо улуттук өзгөчөлүктөр байкалат. Эми жаңы жетекчилик жаңылоого аракет кылып жатат. Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин катышуучуларын, өлкө жетекчилерин “Манас” аэропортунда кабыл алууга даярдыктар дурус жүрүүдө,- дейт Бегалы Наргозуев.
Мына ушундай пикирди бишкектик Дүйшөкан эже да белгилеп, Кыргызстанды тааныта турган өзгөчөлүк байкалбаганын айтты.
Ошондой эле ШОСтун саммитинин шылтоосу менен “Манас-2” терминалынын курулушун бүткөрүп алышса болмок деген пикирлер да айтылууда.
Учурда “Манас” аэропортунун жарык берүүчү системасы жакшыртылып, айлана- чөйрөсү жашылдандырылып, ШОСтун саммитине катышуучу мамлекеттердин желектери орнотулууда. Аэропорттогу саммитке даярдык иш- чаралары 25-июлга чейин аяктайт.