Бишкекте өтчү Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде коопсуздукту сактоо үчүн Орусия менен Кыргызстандын ички иштер кызматы биргелешип тажрыйба алмашуу менен кеңешме өткөрүүдө.
Орусиянын ички иштер министри, армиянын генералы Рашид Нургалиевдин пикиринде эки өлкөдөгү стабилдүүлүк, коопсуздук үчүн тажрыйба алмашып, кызматташуу чыңдала бермекчи.
- Орусиянын ички иштер тармагынын жетекчилери, адистери тажрыйба алмашуу, кызматташуу үчүн келишти. Учурда эл аралык терроризмге, курал, баңгизат сатуу, буйуртма өлүмдөрдүн, оор кылмыштардын бетин ачуу, уюшкан кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшүү милдети турат.
Өлкөнүн ички иштер министри Болотбек Ногойбаевдин айтымында Орусия менен Кыргызстандын милиция тармагы боюнча кызматташуу келишимдерине 1992-жылы кол коюлганы менен учур талаптарына ылайык кайрадан жаңыланды.
Айрыкча Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде коопсуздукту сактоо маселелери талкууга алынды. Орусия ШКУнун саммитинде коопсуздукту сактоо үчүн 3 млн. сомдук техникалык жабдууларды жардам катары алып келди.
Өлкөнүн ички иштер министрлигинин өзгөчө кырдаалдар отрядынын жетекчиси Жамалдин мурзаев баштаган чакан делегация Москвадагы биргелешкен машыгууларга катышып келишти. ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшү башкармачылыгынын жетекчиси, милициянын полковниги Мелис Тургунбаевдин пикиринде Орусиянын милициясы учур талабына ылайык жаңы технология менен жабдылган. Алар менен биргелешип машыгуулар, кызматташуу гана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө натыйжа берет.
Жолугушууда эки өлкөнүн коопсуздугун сактоодо эмгек сиңирген бир катар милиция кызматкерлери медалдар менен сыйланды. Орусиянын Ички иштер министри Рашид Нургалиевге “Ардак” медалы ыйгарылса, өлкөнүн Ички иштер министри Болотбек Ногойбаев “Орусиянын жоокердик күжүрмөн кызматы” медалына татыктуу болду.
Ошондой эле Орусиянын Жогорку милиция академиясынан билим алуу үчүн кыргызстандык уландарга 30 орун берилерин Иички иштер министри Рашид Нургалиев белгилдеди.