Ал жерде айтылгандай былтыркы жылдын акырында чыгарылган жыйынтык боюнча «Газпром» 300 миллиард доллардык пайда тапкан. Ошого карабай компаниянын өнүгүшү үчүн каражаттын тартыштыгы пайда болгонун жетекчи каңкуулаган. Анализчилер болжолунда дал ошол пайданы көп таба баштагандан тартып көгүлтүр отунду ичте жакчуларга гана эмес тышта, баарыдан мурда кошуна мамлекеттер – КМШ жаатына сатуу кымбаттаган. Натыйжада Шериктештеги өлкөлөр үчүн арзан баа менен газ алып жагуу жоюлган.
Медведевдин болжолунда ошондон тарта ал өлкөлөрдө «саясатташкан куур» деп «Газпромду» сындай башташкан.
Үстүдөгү жылдын жакасында президент Путин сыналгы аркалуу «дайыма бизди тышкы саясий максатына жетиш үчүн Орусия экономикалык тетигин пайдаланчу болду деп калышчу болду, ал андай эмес» - деген. Албетте, бул жерде «экономикалык тетик» деп орусиялык лидер көгүлтүр отуну менен карамайын четке чыгарып сатууну айтып атат. Анализчилер чөйрөсү болсо «чийки кенчтин» дегинкиси мамлекетке кунары жок дешет. Эмне дегенде табигый газ менен карамайды жерден саап аны ташып чыгаруу элдин жыргалчылыгы үчүн салым кошо албайт дешет.
Айтылуу саясатчы Юрий Афанасевдин пикири боюнча кылымдар бою алдыңкы катардагы элдер деңгээлине жете албай келе жаткан орусиялыктар үчүн «чийки кенчти» сатчу өнөр жайынан пайда болбойт:
«Өнүгүүнү сырье өндүрүшү негизинде жогорку технология менен камсыз кылуу мүмкүн болору күмөн санатат», - дейт Афанасьев мырза.
Каражаттын тартыш болушуна мамлекетин бир жактуу чыгым төлөшү себепчи болгонун Медведев газета берген маегинде айткан. Маселен, ал: «Кийинки он жыл ичи биз акча чыгаруунун гана үстүдө болдук», - дейт. Мындан ары узак жылдарга түзүлгөн келишимдер негизинде чет элдик инвесторлорго энчи берип атканын айткан. Мүчөл алган Deutche Bank менен ТНК – ВП2 болгонун белгилеген. Жаңы түзүлүп аткан Nord Stream жана South Stream долбоорлору туурасында кеп курган.
Европага карай жаткырылган куурлардан соң Кытайды карай салынчу куурга да жеткидей көгүлтүр отун такоолу болобу деген сурого Медведев тартыштык бир гана баада болот деп жооп берген. Андан ары Украина менен Беларус алакасын кепке алган.
Өлкөдө «Газпром» компаниясы сыяктуу монополиялык түзүлүштү Владимир Путин жактай тургандыгын кеткен жылдын башында журналисттер менен болгон баарлашуу маалында айткан:
«Дүйнөлүк энергетикалык кубатты өндүрүүдө улутук өтө ири компаниялардын гана таасири болот. Биз да ошондой жол менен өнүгүшүбүз керек», - деген.
Кийинки келген маалыматта «Газпром» компаниясы көгүлтүр отун чыкчу Кувыкты ойдуңун 1 миллиард долар каражат төгүп үлүштүн 63 пайызына чукулун сатып алганы атканы дайын болду. Кенч чыкчу жердин калган үлүшүн ТНК-ВР жана башка чет элдик компаниялар сатып алышат шекилдүү дешет.