Коомдук-саясий жана укуктук багытты көздөгөн бул басылманын алгачкы саны эртең жарык көрүп, гезит андан ары жума сайын чыгып турмакчы. Маалымат айдыңына жаңыдан кошулуп жаткан бул басылманын башкы редактору Элнура Кулуева гезит бийликтин да, оппозициянын камчысын чаппай, калыс позицияны тутунаарын жана эл аралык журналистиканын талаптарына ылайык иш жүргүзөөрүн билдирди. (SM)