Кыргызстандын футбол чемпионатында Жогорку Лигада былтыр 8 команда ойногон. Быйылкы футболдук таймашууга он команда катышып жатканы менен финалга чейин кимдер калышаары али белгисиз. Себеби жылына он, он эки команда оюнду баштаганы менен каражаттын айынан айрымдары экинчи айлампадан четке чыгып калып жүрүшөт.
Быйылкы 16-чемпионаттын дагы бир өзгөчөлүгү, Жогорку Лигада ойноп жаткан командалардын катарында Өзбекстандан жыйырмадан ашуун жалданма футболчу ойноп жатышат. Ошондой эле айрым командалардын катарында ойноо үчүн Франция, Украина, Кытай, Гана жана Гвинея өлкөлөрүнүн атуулдары да өз өлкөлөрүнүн футбол федерацияларынын уруксат - макулдук кагазын алышты.
Кыргызстандын үч жолку чемпиону, Азия футбол федерациясынын президентинин кубогунун жеңүүчүсү Нарындын “Дордой” командасынын катарында Африка континентиндеги Гана өлкөсүнүн 22 жаштагы атуулу Девид Брюс Тетех келишимдин негизинде ойноп жатат.
Нарындык футбол күйөрманы Зарылбек Аркуловдун пикиринде курамында бир- эки гана нарындык жигит ойногон «Дордой» командасы быйыл өлкөнүн чемпиондук наамын сактап калууга аракет кылганы менен айыл жергесинде футболго көңүл бурулбай, таланттуу балдарды катарына кабыл албай келет.
- Быйылкы чемпионаттын деңгээли да төмөн болчудай. Мурдакыдай эле Жогорку Лигада Ош, Чүй жана Нарын областтарынын гана футболчулары ойноп, Талас, Ысыккөл, Жалалабат, Баткен аймактарынан бир да команда мөрөй талашууга катышкан жок. Кийинки 14-15 жылдан бери Кыргызстанда футболдун деңгээли төмөндөп, айылдык, райондук командалардын таймашуусу болуп калган. Быйылкы чемпионатта «Дордой» атаандаштарын утуп алдыга чыкпаса, анда уят иш болот.
Былтыртан баштап Жогорку Лигада ат салыша баштаган Бишкектин “Шер” командасынын катарында Африканын Гвинея өлкөсүнүн футболчусу Матью Лама жана украиналык Володимир Яглинский ойноп жатат. Себеби алар өз өлкөлөрүнүн мыкты командаларынын катарына кабыл алынып ойной алышпагандыктан Кыргызстанга келип жалданып ойноого аргасыз болушкан.
Ошондой эле Кант шаарынын ФШМ командасын Франциялык футбол адиси Мохамед Шуаши машыктыруу менен ушул команданын катарында өзү да ойноп жүрөт.
Өлкөнүн футбол федерациясынын президенти Амангелди Муралиевдин айтымында жылдан жылга Кыргызстанда футболдук чеберчилик жогорулап барат. Бирок футболго өкмөттүк деңгээлде камкордук керек, өлкөнүн футбол боюнча тандалма командасына да каражат бөлүнбөйт, футбол клубдарынын деңгээли начар, дейт Амангелди Муралиев.
Натыйжада жети оюндан кийин Бишкектин “Авиатор” командасы катары менен алты беттешүүнү утуп 19 упай менен биринчи катарда келатат. Экинчи катардагы өлкөнүн эки жолку чемпиону Нарындын “Дордой-Динамо” командасынын 17 упайы бар. Учурда Кант шаарынын “Абдышата” командасы үч оюнда утуп, үч жолу тең чыгып, бир ирээт утулуу менен үчүнчү орунда.
Төртүнчү орунда Оштун “Алайы”, бешинчи катарда Бишкектин “Локомотиви” келүүдө. Кыргызстандын экс- чемпиону Карасуу районунун “Жаштык-акалтын” командасы учурда 7 упай топтоо менен 8-орунда келатат. Алардын азырынча 7 упайы бар.