«Агым» гезитине депутаттар К.Иманалиевдин «Энергетиканы сатканың эгемендигиңди сатканың», Ө.Бабановдун «Өлкөнүн келечеги бүгүнкү парламенттин колунда», Д.Садырбаевдин «Келгиле, Кыргызстанды эки акционердик коомго- Акаев менен Бакиевдин акционердик коомуна айландыралы» деген макалалары, маектешүүлөрү жарык көрдү. Маселен Д.Садырбаев, Бакиевдин кээ бир жыйындарда, мектепте окуп жүргөн жылдарында далай ирет ачка болгонун, ошон үчүн президент болгондон кийин башталгыч класстардын окуучуларынын тагыдыры жөнүндө кам көрүп жатам деген сөзүнүн идеясы аныкы эместигин, ал идея И.Раззаков менен агездеги Министрлер Советинин төрагасы Казы Дикамбаевга тааандыктыгын… Бүгүн өлкөнү башкаргандар мамлекетти максаттуу түрдө талкалаганга алып баратканын… Ал Бакиев менен Мадумаровдон мындай акмакчылыкты күтпөгөнүн… жана дагы ушул өңдүү жан кейиткен көрүнүштөрдүн тегерегинде сөз кылды.
Ошол эле убакта «Жаңы ордо» гезитине баян курган Мамлекеттик катчы А.Мадумаров энергетиканы менчиктештирүү Акаев учурунда да көтөрүлгөнүн, агезде ага өзү да каршы болгонун, ал эми бүгүн кеп такыр башкада экенин, ГЭСтердин курулушун аягына чыгаралы деп жатса түшүнбөгөндөр жөндөн-жөн эле чуу чыгарып жатканын айтса, ушул гезит аркылуу Эсеп палатасынын төрагасы Искандер Гайпкулов өзү Акаевдин эмес, Медет Садыркуловдун кадры экендигин жана анысы менен ар качан сыймыктанарын, азыр жаңы барган мекемесинде текшерүүлөрдү кыргыз тилинде жүргүзүүгө басым жасап жаткандыгын баяндаган. Гезит ошондой эле Аксы окуясына байланыштуу Бакиевдин өзүн да жоопко тартуу керек деген ой-пикирлерге каяша кылып, эгер Бакиевде күнөө болсо анда аны Аксы-Ала- Бука эли депутат кылып шайлабас эле, Аксы эли эми мына адилеттик келди деп кубанып турса, ал окуяга күнөөлүү С.Урманаевди айрым депутаттар колдоп жатат деп жазды.
«Жаңы кылым» гезити «Гансинин белгилүү жана белгисиз сырлары» аттуу көлөмдүү макаласын окурмандарына орус тилинде тартуулады.
«Заман Кыргызстан» гезити окурмандардын көңүлүн акыркы кездери республикада малдын шарп, бурцеллез, кутурма, котур өңдүү жугуштуу ылаңы күчөп кеткенине бурду. Айыл, суу жана кайра иштетүү министрлиги берген маалыматка таянган гезит, өткөн жылы кутурма оорусу 72 жерде катталганын, 1миң 176 уй сибирь жарасы, 159 кой кулоспа деген дартка кабылганын, быйыл мал ылаңынан алдын алуу боюнча бөлүнө турган 78 миллион сом да толук бөлүнбөй жатканын маалымдады.
«Кыргыз туусу» гезити, өкмөткө караштуу маалыматтык ресурстар жана технологиялар боюнча агенттиктин деректири Турусбек Коналиев менен окурмандардын суроо-жообун уюштурган. Акүй атка минери карапайым калкты убарага салып келаткан паспорт маселеси тууралуу суроолорго да жооп берген.
«МСН суббота» гезити, эмгек миграциясынын караңгы жана жарык жактарына назар салган макаласында, акыркы жылдары Кыргызстан башка өлкөлөрдү арзан жумушчу күчү менен камсыз кылып туруучу донор өлкөгө айланып калганын, улуттук статкомдун маалыматы боюнча эгемендикке ээ болгондон бери Кыргызстандан чыгып кеткендердин саны-550 миңге жеткенин, тилекке каршы бул сан жыл сайын көбөйүп баратканын, маселен 2004-жылы көчүп кеткендердин саны-18 миңге жакын болсо, 2005-жылы 27 миңге, өткөн жылы-31 миңге жеткенин шардана кылды. Адамдардын ыңкылаптан кийинки адилет жашоо болот деген үмүттөрү таш капканын, тынымсыз митинг, пикеттер, бийликтин туруксуз саясаты, өлкөнү ар тараптан чырмап бүткөн коррупция, өмүргө, жашоого болгон жолдун келечексиздиги Кыргызстандай бейиш жерде жашагысы келгендерди да башка жактан бакыт издеп кетүүгө аргасыз кылууда дейт гезит.
«Кыргыз руху» гезити, «Кайрадан 17-июнь» деген рубриканын алдында Кыргызстан үчүн көп жакшы иштерди жасагысы келген Урмат Барктабасовду да бийликтегилер жалган жалаа менен сындырышканын, анын өз элине жакшылык кыларына ишенгендер азыр да арбын экендигин белгилеп, ошол 17-июнда «Мекеним Кыргызстан» деген гезит колунда жүргөн кары-картаңдарды дубинка менен койгулаган милийсалардан көңүлү калганын,ал күнү телевизордон Бакиев сүйлөп, «Мен Акүйдү коргойм. Мен ок атканды да билем» дегенин, ошондо Акүйдү бүткүл Кыргызстандын президенти кимден коргомокчу болгонун же биздей кыргыз элиненби, деп суроо коюп эскерген Токмоктук Токтакунова Күлбүбү айым.