«Белый пароход» гезити «Курманбек Бакиев жана анын жалган маалыматчылары» деген макаласын басып, президент жакында Парламентке келип сөз алып, « Биз коррупция менен эң жогорку жакта күрөшүп жатабыз. Мурда акчаларын баштыкка салып алып, Акүйдө кимге берерин билбей кызмат издеп чуркап жүргөндөр жоюлду. Алтургай азыр арак куюп бере турган адам жок калды» деп айтканын келтирип, Камбар Ата ГЭСтерин менчиктештирүүгө президентти ишендирип аткан адамдар ага жалган маалыматтарды кантип берип жаткандыгы тууралуу жазып чыкты. Ушул эле гезит «Электр станциялар» ОАКнын генералдык деректири Сапарбек Балкыбеков айрым бир учурларда өзүн «президенттин үчүнчү уулумун» деп айтып калаарын, Камбар Ата ГЭСтерин менчикке берүүгө депутат И.Масалиев түп орду менен каршы экендигин жазуу менен, Кыргызстандын өкмөт башчысы А.Атамбаевдин ууланышы боюнча Акүйдөгүлөрдүн официанттары суракка алына баштаганын, көрсө Атамбаев мырза ал күнү суу эле ичпестен кефир да ичкенин, анын кефир ичкенин айтылуу Улуттук Коопсуздук Кызматы аныктап чыкканын кабарлады.
«Дело №» гезити, Бишкек шаар Кеңешинин төрайымы Нуржамал Байболова менен баарлашты. Нуржамал айым, бир аз мурда үйлөрүнүн алдына шаар тургундары таштап коюп жаткан таштандыларды тазалайбыз деген жаштардын демилгечи тобу иштеп баштаса Октябрь райакимчилиги шаар мэри А.Ногоевге кайра-кайра чыгып жатып токтоттуруп салганын… шаар көчөлөрүн жамаачылоого казынадан 2 миллиард 170 миллион сом, Шанхай Кызматташтык Шериктештигинин саммитине даярдануу үчүн 250 миллион сом бөлүнгөнүн… Бишкектин айланасынан жер алгандардын 70 пайызы жер үлүшүнө мыйзамсыз ээ болгондугун айтты.
«Энесай» гезити, каргашалуу Аксы окуясынын күнөөкөрү катары Султан Урманаев кайрадан суракка алына баштаганын, кезинде генпрокурор болуп туруп А.Бекназаров аягына чыкпаган иштин аягына эми азыркы генпрокурор Элмурза Сатыбалдиев чыгарганы калганын, суракка жаңы эле элчиликтен кеткен Апас Жумагулов да чакырылганын жазуу менен…кийинки кездери эмнеге эле депутат С.Урманаев ойку-кайкы иштерге аралаша калып жатканы эми түшүнүктүү болсо керек деп кошумчалады. Ушул эле гезит жакында Казакстанга депутаттарды баштап барган сапарында Кыргыз Парламентинин төрагасы Марат Султанов Казак Межлисинин спикери Урал Мухамеджановго кайрылып, 1 миллионго жакын кыргыз иш таппай жүргөнүн, ушулар казактарга барып иштесе деген кыяста сүйлөгөнүн белгилеп, андан көрө Марат мырза өз мамлекетинин өндүрүшүн, экономикасын өнүктүрүп, жарандарыбызды башкаларга эспорттобой турган ишке салым кошсо жакшы болор эле деп жазды.