Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:44

ПРАГАДАГЫ КОНФЕРЕНЦИЯДА ПРЕЗИДЕНТ БУШ КЫРГЫЗСТАНДЫ МАКТАП, ОРУСИЯНЫ СЫНГА АЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага 5-6-июнда Прага шаарында демократия менен коопсуздук маселелерине арналган ири эл аралык конференция өтүүдө. Анын ачылышында АКШ президенти Жорж Буш чыгып сүйлөп, демократия бүткүл дүйнөгө жайылып баратканы тууралуу айтты жана Орусиядагы абалды сынга алды.

"Демократия менен коопсуздук: негизги баалулуктар жана туура саясат" деп аталган эки күндүк конференцияны Прагадагы Стратегиялык изилдөөлөр институту, Израилдеги Аделсон институту жана Мадрид шаарындагы Социалдык изилдөөлөр фонду биргелешип өткөрүүдө. Ага Чехиянын мурдагы президенти Вацлав Гавел, Эстониянын азыркы президенти Тоомас Хендрик Илвес, Израил парламентинин мурдагы депутаты Натан Щаранский, Испания өкмөтүнүн мурдагы башчысы Хосе Мария Азнар, Орусиянын "Бирдиктүү граждандык фронт" деген оппозициялык уюмунун жетекчиси Гарри Каспаров жана башкалар катышууда.

Конференциянын ачылышында АКШ президенти Жорж Буш чыгып сүйлөп, бул жыйынга келе албай калган диссиденттерге колдоо көрсөттү: "Дүйнөдөгү көптөгөн диссиденттер биздин жыйынга келе алган жок, алар адилетсиз соттолуп, азыр ар башка өлкөдө абакта отурат. Анткен менен келечекте боштондуккка чыгып, кайсы бир күнү бүгүнкүдөй конференцияга Беларустагы Александр Козулин, Мьянмадагы Аун Сан Су Жи, Кубадагы Элиас Бискет, Виетнамдагы Нгуен Ван Ли, Мисирдеги Айман Нур катыша алат деп мен күтөм", - деди Буш.

Бирок, анын айтымында, репрессияларга карабай, дүйнөдө демократиялык тартип баары бир жеңет жана Америка ага колунан келген көмөгүн көрсөтүп жатат: "Демократиялык долбоорлорго бөлгөн каражаттын көлөмүн Кошмо штаттары акыркы мезгилде эки эсеге көбөйттү. Эң өнүккөн сегиз мамлекет тобуна кирген шериктер менен биргелешип, Жакынкы Чыгыштагы Келечек форуму сыяктуу граждандык коом демилгелерине биз колдоо көрсөтүп жатабыз жана Украина, Грузия же Кыргызстан сыяктуу жаңы демократиялар менен кол алышып кызматташуудабыз",- деди америкалык президент.

Вашингтон менен Маскөө ортосундагы мамилелер азыр көп жакшы эмес жана аларды талкуулаш үчүн Буш президент Владимир Путинди июлда Америкадагы үйүнө конокко чакырды, бирок 6-8-июнда Алманиянын Хайлигендамм шаарында алар экөө тең Эң өнүккөн сегиз мамлекеттин бийик жолугушуусуна катышат. Анын алдында Путин - Чехия менен Польшада АКШ ракетадан коргонуу системаларын орнотуп жатканын катуу сынга алууда, Буш болсо 5-июнда Прага шаарында чех президени Вацлав Клаус менен жолугуп, ал системалар жөнүндө сүйлөштү.

Ал эми түштөн кийин Прагадагы конференцияда Буш Орусиядагы абалды сынга ала кетти: "Бир кезде элге дем берген реформалар Орусияда азыр өз жолунан чыгып кетип баратат жана демократиялык өнүгүүдө тынчсыздануулар пайда болууда. Жакшы мамиле деген - макул эмес маселелер боюнча ачык талкуу өткөрүү дегендикке жатат. Ошондуктан АКШ өзүнүн Маскөө менен болгон байланыштарын бузбайт, бирок мамилени улантуу менен биз өз баалулуктарыбыз менен принциптерибизден баш тартпайбыз",- деди Буш жыйында.

XS
SM
MD
LG