Ысыккөл райондук ичкиш иштер бөлүмүнүн жетекчиси Азамат Имангелдиевдин маалыматы боюнча быйылкы курорттук сезондо эс алуучулардын коопсуздугу тартип сакчылары тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынмакчы. Анын айтуусунда 5-июндан тарта Ысыккөлдүн бардык пансионаттарында жана эс алуучу жайларында ИИМдин ишеним телефондору ишке кирет. Ал эми жол коопсуздугуна облустук, райондук мамлекеттик автоинспекциялары тарабынан көзөмөл жүргүзүлүп, стационардык посттор иш жүргүзөт.