Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:38

ОРУС БИЙЛИГИНДЕ КАРА ӨЗГӨЙЛҮК КҮЧ АЛЫП КЕТТИБИ?


Орус бийликтери оппоненттерине карата айрыкча зордукчулук мамиле кыла баштады. Кийинки кездери полиция оппозициянын демонстрациясын күч менен кууп тарткатып, европалык парламентарийлерди уруп-сабап камакка алган. Андан тышкары Кремлди сындагандар шойкомдуу кырдаалда өлтүрүлгөн учурлардын көбөйүшү эмнени билдирет?

Орусиянын ички да, тышкы да саясатында коркутуп-үркүтүү жана күчкө салуу кайрадан модага кирген сыяктуу. Сөзүбүз куру болбосун, жакында Воронеж шаарында 29-майда чакан демонстрация өткөрүбүз деген оппозициячыл активисттерди бир нече мүнөттүн ичинде полиция курчоого алып, катышуучуларды кармап кетти. Мындан эки күн мурда Москвада Европа Парламентинин Италиядан шайланган мүчөсү Марко Капаттону полициянын көз алдында сабап салышты:

– Полиция кайда? Эмне үчүн бизди коргобойт?! Мен парламенттин мүчөсүмүн! деп жан-соогалаган италиялык депутат, гейлердин парадына катышканы үчүн орус улутчулдарынан таяк жеди. Акыры полиция кийлигишти, бирок, кол салгандарды кармагандын ордуна Капаттону жана анын кесиптеши германиялык депутат Фолкер Бекти камакка алды.

Ал эми 2-майда Кремль колдогон "Наши" жаштар уюмунун мүчөлөрү Эстониянын Орусиядагы элчиси өткөрүп жаткан маалымат жыйынын үзгүлтүккө учуратышты.

"Фашизмге жол жок" деп кыйкырган "нашисттер" кирип келгенде, Эстониянын элчиси Таллинде советтик доордон калган эстеликти эмне үчүн шаардын борборунан башка жакка көчүргөнүнө түшүндүрмө берип жаткан эле.

Бул - үч башка окуя болгону менен, баардыгынын артынан Кремлдин чоң муштуму көрүнүп турат.

Баяндамачылардын баамында, мунай-газды кымбат сатып, маарый баштаган Орусия өзүн кайрадан держава катары көргөзүүгө далалат кылууда. Ал эми "Нью-Йорк Таймстын" мурдагы Маскөө кабарчысы Давид Саттер өлкөдө Батышка каршы маанайдын күч алышын мындайча түшүндүрөт:

– Бул кеңкелестик жөн жерден болуп жаткан жок. Орусияда бийлик гана жүргүзбөстөн, өлкөнү иш жүзүндө менчиктеп алгандардын чакан тобу адам укуктарын дагы муунта бериш үчүн, тышкы дүйнө менен тиреште күч алдырып жатышат,- дейт Орусияда кылмыштуу мамлекеттин калыптанышы тууралуу китеп жазган Саттер.

Ал эми Гарвард универститетинин Орусия боюнча эксперти Маршал Голдмандын көз карашында, 1990-жылдардагы президент Елциндин тушундагы баш-аламандыктан көңүл калды болгон көп орустар азыр батыш үлгүсүндөгү саясий эркиндиктерге караганда, коомдогу бейкуттукту көбүрөөк баалашат:

– Елциндин убагында Орусияда система көзөмөлдөн чыгып кеткендей сезим күчтүү болгон, мурда ызы-чуу салгандар ызы-чуу, оппозиция, баш-аламандык өтө эле көп болуп кеткенине көздөрү жеткен.

Башка баядамачылар Орусиядагы Батышка каршы маанайдын күч алышын айрыкча Грузия менен Украинадагы элдик толкундоолордо бийлик алмашкан окуялардан улам, орустар жүрөксүп, өзүнө болгон ишеними төмөндөп кеткендигинен көрүшүүдө.

Кандай болгон күндө да, келерки жылы өтө турган президенттик шайлоонун алдында Кремлдин кокустукка жол берүүгө ниети жок. Эл аралык саясатта энеркетика маселеси алдыңкы орунда турган чакта, Батыш Орусиянын коркутуп-үркүтүү кампаниясына таасирдүү каршылык көрсөтө алаары күмөн туудурат.

XS
SM
MD
LG