Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:25

УТРКнын БАЙКООЧУЛАР КЕҢЕШИНЕ ТАЛАПКЕРЛЕР ТАНДАЛУУДА


Парламенттин билим берүү боюнча комитети 28-майда УТРКнын Байкоочулар кеңешине мүчөлүккө сунушталгандардын талапкерлигин карады. Сунуш кылынган 44 кишинин он сегизи жактырылып, алардын талапкерлиги сессияга сунушталмак болду. 14-майда конкурска документтерди кабыл алуу аяктаган.

Парламенттин билим берүү боюнча комитети жарандык коомдон сунушталган 30 талапкерден 22си жыйынга келгендиктен, алардан 8 өкүлдү тандап алышты. Белгисиз жана жүйөөлүү себептер менен талкууга келбей калган 8 атуулду дагы башка күнү талкууга алып, алардын ой-пикирлерин угууну да туура көрүшүп, аларга дагы эки орунду калтырышты. Андан соң парламенттин билим берүү комитети 30 талапкерди сессияга талкууга сунуштап, депутаттар добуш берүү аркылуу алардан он беш өкүлдү бекитүүгө тийиш. Байкоочу кеңештин курамын парламент беш жылга бекитет.

Президент Курманбек Бакиев «Улуттук телерадиокорпорация жөнүндө» мыйзамга 26-мартта кол койгон. Мыйзамга ылайык “МТРК” “УТРК” болуп кайрадан уюшулуп, мамлекеттик менчикте кала берип жана Жогорку Кеңеш анын башкаруу органы болгон Байкоочу Кеңешин түзүүсү керек эле.

УТРКнын Башкаруу Кеңеши он беш кишиден турмакчы. Алардын бешөөнү президент, бешөөнү парламент жана калган бешөө жарандык коомчулуктун өкүлдөрүнөн шайламак. УТРКнын башкы директорун Байкоочулар Кеңеши шайлап, премьер-министр бекитет. Негизинен МТРКны коомдук теле каналга айлантуу кыргыз оппозициясынын башкы талаптарынын бири эле.

Жогорку Кеңеш жарыялаган конкурска ылайык УТРКанын Байкоочу кеңешине талапкерлердин айрымдары мамлекеттик кызматтарда жана башка телерадио компанияларда иштегендиктен талкууга алынган жок.

Парламенттин айрым депутаттары, депутаттык топтор тарабынан сунушталган 14 талапкерди талкуулап, анын онун комитет сессияга сунуштамак болушту.

Он беш жыл КТРда иштеп, жаңы жетекчилик тарабынан иштен айдалып, учурда бош жүргөн журналист Калыбек Тайтакеев УТРКнын байкоочулук кеңешине талапкерликке көрсөтүлгөнү менен тымызын бут тосуулар болуп жатканын айтты.

Калыбек Тайтакеев оппозицияны жактагандыктан ага кылмыш иши козголгондуктан, анын талапкерлиги сессияга коюлгуча тергөө иштери аяктоосу күмөн.

Жогорку Кеңештин Билим берүү комитетинин төрагасы Бектемир Мурзубраимовдун пикиринде Байкоочулук Кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлерин катарында УТРКны реформа кылууга сунуштары бар адистердин деңгээли байкалды.

Жарандык коомчулуктун өкүлдөрүн тандап алууда, саясый жана аймактык кызыкчылыктар эске алынып, жаш адистер көз жаздымда калганын, кризисте турган УТРКны жаңы толкун, жаңы көз караштагы кадрлар гана реформа кылаарын Медиаконсалт корунун жетекчиси Элмира Токтогулова белгиледи.

УТРКнын башкы директору Кыяс Молдокасымовдун айтымында радио, теле тармагын мыкты билген байкоочу кеңеши түзүлсө, бул сөзсүз түрдө мамлекеттик телерадио корпорациясында буга чейин жүрүп жаткан реформанын андан аркы жылышына өздөрүнүн салымын берет. "Бирок телерадио ишмердүүлүгүн түшүнбөгөндөр шайланса реформага тоскоол болуп, ишти үзгүлтуккө учуратат" дейт Кыяс Молдокасымов.

-Анткени биз буга чейин көптөгөн коомдук, кесиптик уюмдар менен кантип биз мамлекеттик телерадио компанияны жаңы баскычта реформалайбыз деген маселенин үстүндө иштеп келе жатканбыз. Жаңы корпоративдик башкарууларды киргизип, даярдап, структуралык өзгөрүүлөргө кадам жасаганбыз. Буюрса Байкоочулар Кеңешине кесипти мыкты билген өкүлдөр келсе сөзсүз түрдө колдойт деген ишеничте турабыз. Бүгүнкү күндө биздин журналисттер жаңыча иштөөгө даяр, бирок кесиптик деңгээли жагынан бир аз аксап атат,-деди Кыяз Молдокасымов.

МТРКны коомдук башкарууга өткөрүү оппозициянын эки канаты тең коюп жаткан негизги талаптардын бири болчу. «Реформа үчүн» кыймылы өткөн жылы ноябрда көп күндөп каршылык акциясын өткөрүп, конституциялык реформа менен катар эле мамлекеттик телерадиокомпаниянын базасында коомдук телерадио компания түзүү жөнүндө талап койгон. Бирок президент мурда таптакыр каршы болуп, бул талапка кулак салбай келген.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG