Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:16

18:32 «Кыргызкурорттун» жетекчилери мыйзамсыз менчиктеп алган жер жөнүндө маселе козголууда


Ысыккөлдөгү “Алатоо” эс алуу жайынын жумушчулары аларга тиешелүү жер участокторун
"Кыргызкурорттун" жетекчилери бөлүп алгандыгы боюнча нааразылык билдирди. Адегенде эс алуу жайдын жумушчулары үчүн салынган квартирада жашагандар чыгарылат дегенге андагылар каршы чыгышты. Экинчи топтогу майып Эрмек Мамытова баштаган 33 жумушчу турак-жайды менчиктештирүү боюнча жетекчиликке кайрылганда “Алатоо” эс алуу жайынын директору Жумадыл Мажикеев профсоюздук мындай имараттарды менчиктештирүү мыйзамда жок экенин билдирди. Муну уккандар мурдагы директор Сартовдун убагында жумушчулар үчүн бөлүнгөн жерлерди Конституциялык соттун төрайымы Баекова, Кыргызкурорттун башчылары Бозгунбаев, Шаболотовалар бөлүп алганы боюнча отчет берилмейинче үйдөн чыкпайбыз деди. Белгилеп кетчү нерсе өткөн жылы бул жер жети кишиден турган болсо, “Айдин” фирмага катталганы боюнча кадр бөлүмүнүн башчысы Алтынгүл Назарбекова иликтей баштаганда ал кызматынан четтетилген эле. (RB)

XS
SM
MD
LG