Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:59

МАСКӨӨГӨ АКШ МАМЛЕКЕТТИК КАТЧЫСЫ КЕЛДИ


Нарын АЙЫП, Прага 14-майда Маскөөгө эки күндүк сапар менен АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс келүүдө. Кечинде ал орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен кездешти, эртең болсо президент Владимир Путин менен жолугуп-сүйлөшүүгө тийиш.

Кондолиза Райстын Маскөөгө азыркы келиши - анын америкалык мамлекеттик катчы катары Орусияга жасаган жетинчи сапары, бирок азыркы визит өтө оор абалда өтүп жатат. Америкалык Карнеги фондунун Маскөөдөгү эксперти Маша Липмандын пикиринде, абал дагы оорлойт: "Менин оюмча, абал барган сайын начарлап баратат жана бир тарап жасаган ар бир жарыя же кадамга экинчи тарап дагы жагымсыз кадам көрүүдө. Бир да тарап иштиктүү кызматташууга барбай жатат жана мындай тирешүү дагы күчөй тургандай, анткени эки мамлекетте тең шайлоо жараяндары башталды. Шайлоо жакындаган сайын, Орусиядагы антибатыштык маанай дагы күчөйт", - дейт Липман.

Эки өлкө ортосундагы мамилелер - үстүбүздөгү жылдын февралында орус президенти Влпдимир Путин Мюнхен шаарындагы эл аралык конференцияда чыгып сүйлөп, айрым мамлекеттер бүткүл дүйнөгө жалгыз кожоюндук кылууга аракеттене баштады деп билдиргенден кийин чыңала баштаган. Апрелде Путин - кадыресе куралдарды кыскартуу келишимин аткаруудан Орусия мүмкүн баш тарта турганын жарыялаган.

9-май күнү болсо Маскөөдөгү аскерий парад учурунда Путин - немис фашисттери учурундагыдай эле азыр дагы айрым өлкөлөр өздөрүн өзгөчө мамлекет катары сезип, бүткүл дүйнөгө өз тартибин орнотууга аракеттенүүдө деп билдирген. Орусиялык "Коммерсант" гезити 14-май күнү жазганга караганда, АКШнын Маскөөдөгү элчилиги дароо орус президентинин администрациясына кайрылып, андай сөздөр менен Путин эмне максатты көздөгөн деп сураган.

АКШ президенти Жорж Буш болсо 10-май күнү Путинге телефон чалып, жакын арада Маскөөгө Райс айым бара турганын билдирген жана Путин аны өзү кабыл алышын сураган. Кондолиза Райс орус президенти менен 15-майда жолугат, Маскөөгө келген күнү болсо ал тышкы иштер министри Сергей Лавров менен кездешти.

Талкуулай турган маселе көп, алардын ичинде - Вашингтондун сунушу менен Чехия жана Польшанын аймагында америкалык антиракеталык системалардын бөлүктөрүн орнотуу проблемасы да бар, Кремил ага башынан тартып каршы жана Маскөөгө жакында ал маселе боюнча АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс дагы келип кеткен.

Таллинн менен Маскөө ортосунда жакында чыккан чатак боюнча дагы Вашингтон Эстония тарапты колдоду. АКШ тарабынан колдоого алынган жаңы газ куурун Каспий деңизи аркылуу Батыш Европага жеткирүү долбооруна каршы Орусия атаандаш долбоор сунуштап, ага Казакстан менен Түркмөнстанды көндүрдү. Косово аймагына эгемендүүлүк берүү маселеси боюнча дагы Вашингтон менен Маскөө карама-каршы турумда.

Кондолиза Райс болсо өткөн аптада америкалык Конгресстин комитетинде чыгып сүйлөп, Орусиядагы бийликтин баарын Кремил өз колуна чогулта баштады деп айтты. Эксперттердин баамында, Орусияга бараар алдында анын саясатын мынчалык катуу сынга алуу мурда болгон эмес.

XS
SM
MD
LG