«Дело №…» гезити «Ким кимди жеңди?» деген суроо менен айрым жарандарга кайрылганда, белгилүү коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков, кылмыш иштеринин материалдары менен таанышпай туруп алдын ала баа берүү кыйын экендигин, бирок чындап эле башаламандык болсо ал канчалык деңгээлде массалык болду, ал Кылмыш кодекс нормаларынын мүнөзүнө канчалык дңгээлде дал келиши мүмкүн, балким жөн эле оппозициялык күчтөрдү коркутуп коюу үчүн жасалып жаткан иш болбосун деп күмөн санаарын, бирок кандай иште болбосун бийлик этият болушун, массалык башаламандык деп көбүртүп-жабырта берүүнүн аягы мындан эки жыл мурда болуп өткөн окшош окуяга алып барып такаарын, ошондо, эмне үчүн ошондогу массалык башаламандыкты жасагандар жоопко тартылбайт дагы, ошого окшош бүгүнкү окуянын катышуучулары жоопко тартылышы керек, деген суроо-талап келип чыгарын, ошондуктан оппозиция лидерлерине ойлонулбай жасалып жаткан мамиле бийликке пайдадан мурда зыян алып келерин айтып жооп берген. Гезит ошондой эле бир кезде бийлик куугунтугунан улам камлып, арты Аксы окуясына алып келген, кечээ эле оппозицияда жүргөн депутат А.Бекназаровго кайрылып, оппозиция лидерлеринин камакка алынышына кандай ойдосуз деп сураганда, «не в курсе» деп жооп берди деп жазды.
«Энесай» гезити аркылуу «Эркиндик» саясый партиясынын төрагасы Т.Тургуналиев оюн айтып, мындан аркы саясый абалды турукташтыруу үчүн, Конституцияны реформа кылуу, кадр маселесине көңүл буру, жөнсүз митинг, акцяларды токтотуу, кокус референдум болуп калса, анда ага- Башмыйзамды кароо, Кыргызстанга кандай башкаруу системасы керек, парламент таратылсын, кол тийбестик алынып салынсын деген суроолор коюлушу керектигин белгиледи.
«Слово Кыргызстана» гезити, ар бир жаңы өкмөт бийликке келери менен өлкөнүн өнөржай өндүрүшүн өнүктүрөм деп убада берип чыгарын, коррупция менен коррупционерлерге капкан салынмайын өлкө ушундай абалда кала берерин жазды «Кимге бал, кимге көз жаш» аттуу макаласында.
«Белый пароход» гезити мындан ары кандай болот деген суроо коюп, ага «Оппозиция өлдү. Жашасын оппозиция!» деген макаоасында жооп издөөгө аракет кылган. Гезит, эми күзгө дейре митинг дегендер болбосун, президентке импичмент жарыялоо да жүзөгө ашапасын, жүзөгө ашпай турганын Башмыйзамга шилтеме кылуу менен Консот төрайымы Ч.Баекова кыйытканын, эгер ушундан кийин бардык маселеге чекит коюлду деп эсептесе бийлик терең жаңылышарын, оппозиция эми кыйла акылдуураак болорун, бары бир король жылаңач калганын, анын митингди кууп-тараттырып, каматып, оппозициялык гезиттерге теоррордук кылып атканы кадыр-баркына кенедей да салмак кошпосун, Кулов жеңилгенин, бирок Бакиев андан да катуу жеңилгенин баяндады.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ