Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

АДАХАН МАДУМАРОВ: САЯСИЙ КУУГУНТУК ДЕП АЙТУУ ТУУРА ЭМЕС


Жогорку Кеңештин он депутатынын башын кошкон «Ак шумкар» демократиялык күчтөр биримдиги партиясы бүгүн бийликтен саясий куугунтукту токтотууну талап кылды. Бийлик болсо мындай дооматты төгүндөп, 19-апрелдеги жаңжалга байланышкан териштирүү мыйзам чегинде жүрүп жаткандыгына ишендирүү аракетин кылууда. Ушундай көз карашын бүгүн уюштурган маалымат жыйынында мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров да билдирди.

«Кыргызстандын кең келечеги үчүн!» бириккен фронттун демилгеси менен уюштурулган мөөнөтсүз митингдин таркатылышына себеп болгон жагдайлар али аныктала элек. Коопсуздук кызматынын тергөө абагына киргизилген оппозициячылар Өмүрбек Суваналиевге, Өмүрбек Абдыракмановго жана Адилет Айтикеевге кандай айыптар тагылып жаткандыгы да али ачыкталган жери жок. Анткен менен бүгүн Коопсуздук кызматы тергөө мыйзам чегинде кынтыксыз жүрүп жаткандыгын белгилеп, оппозицияны куугунтуктоо жүрүп жатат деген дооматты төгүндөдү. Анткен менен оппозиция бийлик саясий кризистен күч менен чыгуу жолун тандады деп, буга мисал катары саясий ишмерлердин камалышын, иш кеңселердин тинтилип, айрым маалымат каражаттарынын жаңы нускаларын таратууга тыюу салынышын келтирип жатышат.

Бүгүн Жогорку Кеңештеги оппозициялык партия лидерлеринин башын бириктирген «Ак шумкар» жана «Ата мекен» фракциялары жабык талкуу өткөрүп, «Неман фарм» ишканасына жасалган кечээки тинтүүгө баа берип кызматтык иликтөө жүргүзүү чечимине келди. Бул тууралуу «Акшумкар» фракциясынын башчысы, депутат Замир Эсенаманов айтып берди:

- Бул окуя кырдаалды курчутту. Эл жаңы эле тынчып баратканда алар өз аракеттери аркылуу кайра өрттүн чыгышын шарттап жатышат.
Бийликтин аракеттерин бүгүн оппозициянын таламын талашкан бир катар жарандык коом лидерлери да сындашты.


Анткен менен, саясий кырдаалга байланыштуу бүгүн маалымат жыйынын уюштурган мамлекеттик катчы Адахан Мадумаровдун көз карашында мындай дооматтар чындыкка коошпойт. Коомчулук, анын ичинде журналисттер келтирген фактыларды мамлекеттик катчы саясий маселе деп эсептеген жок:

- Биринчиден саясий куугунтук деп айткандын өзү туура эмес. Биз мыйзам менен жашаганды үйрөшүнүбүз керек. Коом азыр ушундай, кылмыштуулукка каршы күрөшүп баштасаң куугунтук катары кабыл алынат. Аларга көңүл бурбай койсоң бийликтин чабалдыгы катары кабыл алынат. Ошондуктан, сиз атап өткөн инсандардын бардыгы кыргыздын белгилүү инсандары. Алар Конституцияны, мыйзамдарды жакшы билишет. Эгер алардын эч күнөөсү жок болсо, алардын акыл-эси өздөрүнүн ак, таза экендигин далилдеп чыкканга жетиштүү.

Мамлекеттик катчынын «Азаттыктын» суроосуна берген жообуна караганда, алардын иштерин мыйзам чегинде териштирүүгө Башкы прокуратуранын, Коопсуздук кызматынын жана Ички иштер министрлигинин мүмкүнчүлүгү жетишет жана ага Акүй киришпейт.

Бийликтин куугунтук жасашына жол берилбей тургандыгын буга чейин премьер министр Алмаз Атамбаев да бир нече ирет айтканы бар. Сөз менен иштин ажырымынын себептерин «Азаттыкка» берген интервьюсунда депутат Темир Сариев минтип чечмеледи:

- Премьер министр Атамбаевдин алы жетпей жатат буга. Ачык эле айтыш керек… Бу жерде чечим кабыл ала турган бир нече борбор бар. Ошолордун бирөө ушундай чечим кабыл алып берип койду, мүмкүн президенттин да алы жетпейт.

Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров кырдаалдын курчушун мамлекеттик бүтүндүккө умтулуунун жоктугу менен байланыштырып, Конституциялык реформадан мурда саясий күчтөр ушул өңүттө баш тоголотуп, кепке келиши керек, буга бийлик ар учур даяр дейт. Оппозиция болсо чыныгы Конституциялык реформага бет алмайынча өлкөдөгү тирешүүлөрдөн менен куугунтуктардан, кыйчалыштыктардан арылып, демократиялык нуктагы өнүгүүгө бет алуу мүмкүн эмес экенин байма-бай эскертүүдө.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG