Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:03

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ: БАКИЕВ КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМАНЫ СОЗГОНГО АРАКЕТ ЖАСАП ЖАТАТ


«Азаттыктын» маектеши ЖК депутаты, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев. Ал соңку окуялар боюнча ой-пикирин айтып бөлүштү.

- Өмүрбек мырза бүгүн митинг уланмакчы. Ал эми парламент Конституцияга оңдоолорду киргизүүгө аракеттенет. Сиздин көз карашыңыз боюнча окуялар кандай өңүттө өнүгүшү мүмкүн?

- Прогноздош кыйын. Бирок бүгүн парламент өзүнүн апрель айындагы жумушун баштап, күн тартибин бекитет. Күн тартибинде эң биринчилерден болуп менин оюмча президент киргизген Конституциянын долбоору, президент киргизген Конституциялык соттун кандидатурасын бекитүү жөнүндө маселе каралышы керек. Ал эми сыртта турган митингчилер эки маселенин тез каралышын талап кылып, эски Алатоо аянтынынан Жогорку Кеңешти көздөй келиши мүмкүн.

- Президент айтып кеткендей Конституциялык сотко бир гана орунга киши жетпей атыптыр. Ал орунга эки айымды сунуш кылган имиш. Эгерде бул айымдар өтүп кетсе, Конституциялык сот Конституцияга киргизилип жаткан оңдоолорду карай турган болсо, оппозиция кандайдыр бир сабырдуулукка барып, өзүнүн митингдерин, же кабыргасынан койгон талаптарын бир аз жумшартышы, аярлай турушу мүмкүнбү?

- Биринчиден, президент киргизген вариант бул бүгүн башкаруу системасын түп-тамырынан өзгөрткөн вариант эмес. Бул сизге, бул мага деп иш бөлгөн логика менен бөлүнгөн, бул биринчиси. Экинчиси, биз декабрда кабыл алынган Конституцияны мыйзамсыз деп моюнга албай келгенбиз. Анткени ал мыйзамдарды одоно бузуу жолe менен алынган. Ал эми ошол биз моюнга албаган Конституцияга өзгөртүү, түзөтүүнү киргизүү бул логика жагынан да туура эмес деп эсептейбиз. Үчүнчүдөн, бул маселелердин өтөр-өтпөшүнө биз үстүртөн туруп карашыбыз керек. Менин оюмча президент өзүнүн вариантынын өтүшүнө өзү каршы. Ал айласыздан Кулов менен бир-эки күн балта көтөрүлгөнчө дөңгөч эс алат деген принцип менен жасаган амал деп эсептейм. Анткени президенттин кезексиз сессияны чакырууга укугу бар. Ал бир жума мурун киргизди, ошого байланыштуу демалыш күнгө карабастан чакырса болот эле. Бир жума өттү, бир жумадан кийин гана сессия жыйналган атат. Президент өз укугунан колдонуп кезексиз сессия чакырган жок. Президент экинчи сессиялык сотко жетишпей жаткан судьялардын экинчи судьясынын кандидатурасын да берсе болмок. Аны да берген жок. Эгер бирөө өтпөй калса жок дегенде экинчиси өтүп кетмек да. Мына ушул ойлордон улам президент Конституциялык реформаны каалабайт деп айтканга негиз бар.

Өзүңүз билесиз, эки жыл бою президент Конституциялык сотко кандидатураны бербей, Конституциялык сотту кармап турду. Анткени парламент Конституциялык реформаны жүргүзүп, жаңы Конституцияны кабыл алып коёт деп 2005-жылдын май айынан баштап коркуп, 2006-жылдын күзүнө чейин Конституциялык соттун мүчөлөрүнүн кандидатурасын берген жок. 2-3 ай мурун гана Конституциялык соттун судьяларына талапкерлер келди. Эми кээ бир депутаттар коркуп Конституциялык сот иштеп кетсе алардын үстүнөн, алардын мандатынын мыйзамдуулугу жөнүндө берилген арыздары бар, ошолор каралып кетсе мандатыбыздан ажырап калабыз деп, азыр бир топ бакиевчил депутаттар, баса белгилеп койгум келет, Конституциялык соттун иштешине каршы болгондор да бар.

Бакиев Конституциялык сот иштеп кетсе Конституция өтүп кетиши мүмкүн деген коркунуч менен каршы иштесе анда Конституциялык соттун кандидатурасын бүгүн шайлай албай калышыбыз мүмкүн.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG