Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:40

МИТИНГ УЧУРУНДА ЭКИ ТАРАПТАН ТЕҢ КООПСУЗДУК САКТАЛУУДА


Мөөнөтсүз митинг учурунда милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөдө. Кечээ түнү тынчтык митинг учурунда милициянын кабыл алуу жайына 178 адам кармалса, анын теңинен көбү мастар, көпчүлүгү документи жок атуулдар. Митингди уюштуруучулар “тартип, коопсуздук сакталууда, жөн гана жаманатты кылууга аракет кылгандар бар” дешүүдө.

ишкекте үч миңден ашуун милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөп күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.

Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси, милициянын подполковниги Бакыт Сейитовдун айтымында 12-апрелде милициянын кабыл алуучу жайына 178 адам түшсө, анын 40-45 пайызы митингге келип коомдук тартипти бузууга аракет кылган мас абалындагы атуулдар.

Айрымдарынын документтери жок болгондуктан аты, жөнүн тактоого чейин милицияда кармалып турат. Андан кийин алардын документтери сотко өткөрүлүп берилүү менен айрымдарына тартип бузууга аракет кылгандыгы үчүн акчалай айып салынат.

Ошондой эле митинг учурда шаар тургундарын тынсыздандырып турган талап- тоноолорго жол берилбейт, ири соода- сатык жайлар, базарлар, мекемелер, ишканалар катуу кайтарууга алынган.
Митинг болуп жаткан күндөрү уюшкан топтун мүчөсү тапанча менен кармалган.

Алатоо аянтында үч күндөн бери тынчтык акциясындагы атуулдардын коопсуздугун сактоо иш- аракеттери көрүлүп, бирок ар кандай жалаа жабууга аракет кылгандар болгонун, ошондой болсо да оппозиция тараптан тартип сакталып турганын “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” Бириккен фронтунун митингди уюштуруу штабынын башчысы Өмүрбек Субаналиев билдирди.

Ооганчы жоокерлеринин ардагерлер кошуну, милициянын ардагерлеринин ыктыярдуу тобу да милиция менен бирге коопсуздукту сактоого көмөктөшүүдө.

13-апрелде Бишкектеги банктар, базарлар, соода түйүндөрү адаттагыдай иштеп жатышат. Айрым сатуучулар сактанып, дүкөндөрүн жаап коопсуздук кызматы менен бирге көзөмөлдөп турушат. Милицияга эле ишенип койбой ар бир ишкер, менчик ээлери өздөрү да сактанып, мүлкүн коргоого алышууда.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG