Бишкекте төрт миңге чукул милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөп жатышат, дейт Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын басма сөз катчысы Айгүл Давлетбаев.
Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун айтымында 11- апрелде коопсуздукту сактоо иш- чаралары коопсуздук кызматы жана коомчулук менен бирге жүргүзүлүп жатат. Коомдук тартипти сактоо үчүн Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын курамына, Милиция академиясынын, Чүй облусунун жана ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери көмөктөшүүдө. Башка облустардан кошумча күчтөр алынып келинген жок.
Ошондой эле митинг учурда шаар тургундарын тынсыздандырып турган талап - тоноолорго жол берилбейт, ири соода- сатык жайлар, базарлар, мекемелер, ишканалар катуу кайтарууга алынганын айтып, “ тартип бузгандарга, талап- тоноого аракет кылгандарга эскертүү иретинде атайын жабдууларды колдонууга милиция укуктуу” деп кошумчалады өлкөнүн ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси, милициянын подполковниги Бакыт Сейитов.
Алатоо аянтында өтүп жаткан тынчтык акциясындагы атуулдардын коопсуздугун сактоо иш-аракеттери көрүлүп жатканын, ар бир топто коопсуздук кызматы түзүлгөн жана оппозиция тараптан тартип сакталып турганын “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронтунун басма сөз катчысы Азамат Калман билдирди.
Ооганчы жоокерлеринин ардагерлер кошунунун төрагасы, генерал-лейтанант Абдыгул Чотбаев башында турган ыктыярдуу топ да милиция менен бирге коопсуздукту сактоого көмөктөшүүдө. Чүй облусунун ооганчы жоокерлер кошунунун төрагасы Асыл Ишимбаевдин айтымында ооганчылар 11- апрелдеги митинг учурунда бейтараптыкты сактап, оппозиция менен бийликтин ортосунда көпүрө болуу менен коопсуздукту көзөмөлгө алып турушат.
11-апрелде Бишкектеги базарлар, соода түйүндөрү адаттагыдай иштегени менен айрым сатуучулар сактанып, дүкөндөрүн жаап коопсуздук кызматы менен бирге көзөмөлдөп турушат.
“Дордой” ассоциациясынын коопсуздук кызматынын жетекчиси Канатбек Акматовдун айтымында “Дордой-плаза” дүрдүйнө дүкөнү, “Дордой”, “Мурас-спорт”, “Дордой-Жунхай”, “Аламүдүн” базарлары жана башка жайлар күчөтүлгөн режимде кайтарууга алынган.
Милицияга эле ишенип койбой ар бир ишкер, менчик ээлери өздөрү да сактанып, митинг тынчтык маанайда өтсө деген тилегин билдирди, бишкектик Ислам Исраилов.