Ирактын тургундары 2003-жылы 9-апрелде америкалык аскерлер менен кошо кубанып, Багдаддагы Фирдоус аянтындагы Саддам Хусеиндин эстелигин талкалашкан болчу. Чогулган элдин арасында сүйүнгөнүнөн бийлеп, эски режимди келекелеп, бут кийими менен Саддамдын кыйраган эстелигинин башын чапкылаган балдар да бар эле.
Ал эми дүйшөмбү күнү болсо Ирактагы соңку нааразылык чаралары башкача маанайда жүрдү.
Шийилердин ыйык Нажаф шаарында 9-апрелде америкалыктарга каршы митинг өттү:
Нааразылык жыйыны шийилердин жетекчиси Моктада ас-Садр тарабынан уюштурулду жана анда АКШдан өзүнүн аскерлерин өлкөдөн чыгарып кетүү мөөнөтүн белгилөө талап кылынды.
Ас-Садр уюштурган ири нааразылык чарасына байкоо салып тургандардын бири - Аббас ал-Мусави. Ал Ирак желегине чулганган майыптардын арабасында отуруп алып, демонстрацияны мындайча сүрөттөдү:
- Моктада ас-Садрдын чакырыгына ылайык чогулган эл Ирактагы бардык кылмыш аракеттерин, асыресе америкалык баскынчылыкты айыптоо үчүн келишти. Ас-Садрдын чакырыгы бир нече талаптардан турат. Эң маанилүүсү – Ирак парламентин жана ирак элин өлкөнүн баардык аймагынан америкалык аскердик күчтөрдү чыгарып кетүүнүн мөөнөтүн белгилөөнү талап кылууга чакыруу.
Неси болсо да Ирактын баардык эле тургундары америкалык аскерлерди тезинен чыгарып кетүүнү каалашпайт.
Атын атагысы келбеген Багдаддын бир тургуну “Азаттыкка” мындай дейт:
- Биз илгери үмүт, ишенимде болгонбуз. Кудайдын буйругу менен америкалыктар зулум Саддам Хусеинди кулатышты. Кудайга шүгүр, бактылуубуз, кудай кааласа, эми мындан аркы жакшы кабарларды күтүп жатабыз.
Америкалыктардын Ирактан чыгарылышына байланыштуу талкуулар Америка кошмо штаттарында да кызуу жүрүп жатат. Конгресстин эки палатасында тең көпчүлүк орунду ээлеген демократтар Жорж Буштан Ирактан аскерлерди чыгарып кетүүгө даярданууну талап кылууда.
Эки жума мурун Сенат менен Өкүлдөр палатасы Ирак менен Ооганстандагы согушту каржылоо маселесин карап, анда президент Буш Ирактагы аскерлерди 2008-жылдын 31-апрелине карата алып чыгып кетиши керектиги белгиленген. Бирок президент Буш бул жаатта кандай гана мыйзам даярдалбасын, ага вето койоорун билдирген.
Республикачыл сенатор Жон МакКэйндин баамында, аскерлерди чыгарып кетүүнүн так убактысын белгилөө убактылуу дурус натыйжа бериши ыктымал болгон менен, америкалык аскерлер чыгарылып кеткенден кийин козголоңчулар менен сектанттык күчтөрдүн зордукчул аракеттери күчөшү мүмкүн.
МакКэйн 8-апрелде Си-Би-Эс сыналгы каналынын жаңылыктар программасында сүйлөгөн сөзүндө америкалыктардын көпчүлүгү Ирактагы америкалык аскерлердин убактылуу кала беришине каршы болуп жатканы туурасында мындай деди:
- Мен көпчүлүк америкалыктардын каалоосуна кошула албайм. Бул кадам баш-аламандыкка кириптер кылат. Ирактан аскерлерди чыгарып кетүү баш-аламандыкка алып келет.
МакКэйн – 2008-жылдагы президенттик шайлоодо республикачылардан ат салышууга белсенген талапкерлердин бири.
Ирактагы согушту колдогону үчүн анын жеке саясий бедели барган сайын төмөндөп баратканы соңку сурамжылоодо айгинеленди.