Нэнси Пелози Дамаскиде өткөн пресс-конференцияда президент Башар Асад Израил менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантууга даяр экенин канааттануу менен маалымдады:
-Бизди (президент Асаддын) тынчтык сүйлөшүүлөрүн жандандыруу боюнча берген убадасы абдан ыраазы кылды. Ал Израил менен сүйлөшүүлөргө барууга даяр экен.
Өкүлдөр палатасынын төрагасы Пелози айым Башар Асадга Сирия тараптан Иракка өткөн согушчандар ирактыктарга жана америкалык жоокерлерге зыян келтирип жатканына байланыштуу тынчсыздануу айтканын да кошумчалады.
Дамаскидеги кездешүүдө Ливанддык Хизболла куралдуу тобу уурдап кеткен израилдик жоокердин тагдыры, Сириянын палестиндердин радикалдуу Хамас уюму менен болгон мамилеси жөнүндө да кеп болгон:
-Биздин ырасмий өкүлдөр (Сириянын) Тышкы иштер министри, вице- президенти жана президент менен өткөн жолугушууларда Сириянын Хизболла жана Хамас уюмдары менен болгон мамилесине тынчсыздануу билдирди.
Пелозинин визити– Жакынкы Чыгыштагы жана Ирактагы кырдаалды жөндөөгө Сирияны тартуу жөнүндө АКШда жасалган үндөөлөрдүн толкунуна туш келди. Мындай сунушту адеп Ирактагы жагдайды изилдөө боюнча мурдакы Мамкатчы Жэймс Бейкер башындагы комиссия былтыр Конгресстин эки паласында жасаган. Бирок, президент Буш- Сирия менен диалогго баруудан баш тарткан жана Пелозинин визитинен майнап чыкпайт деп сындап, Сирияны Иракка чет элдик согушчандарды өткөрүп, козголоңчуларга көмөктөшүүдө деп күнөөлөдү. Нэнси Пелози апрелде Буштун Республикалык партиясынан Дамаскиге делегация келип кеткенин айтып, ага жооп кайтарды.
Сирияда АКШнын Демократтык партиясынын көрүнүктүү мүчөсү Ненси Пелозинин күтүүсүз визитине азырынча этият көз караштар айтылды. Өкмөттүк маалымат булактары Сириянын Вашингтондогу элчиси Имад Мустапанын “АКШнын күтүүсүз ачыктыгы чочулатты” деген сөзүнө шилтеме беришти. Ал эми Иорданиянын беделдүү “Иордан Таймс” гезити Пелози айымдын дипломаттык аракети Сириянын Ливан жана Иран оң саясатына таасир этиши мүмкүн” деп, визитти колдоду.