Тергөөчүлөр аныктаганга караганда, чатак 17-марттын түнүндө Маловодное айылынын бильярд клубундагы чатактан башталган. Келерки күнү жоон топ казактар Казаткомго окуяны териштиргени барышканда, чечен үй бүлө ок атып күтүп алат.
Бул маселе Казак парламентинин ылдыйкы палатасы- Мажилисте 29- мартта каралды. Депутат Бекболат Түлөканов окуянын чоо жайына токтолуп, чечен үй-бүлө кандай сепетен каруу жарак сактаганын түшүндүрүп берүүнү талап кылды:
-Салтыбызда жок нерсе: “Тынчтык жакшы, тынчтык жакшы, артты кыскан бай болот” дедик. Эки азамат жекеме жеке чыгып, жеңилгени кучакташып туруп, чыгып кетет. Анан артынан келип (жеңген казакты) машине менен сүздүрүп, аягына атты, үстүнө түкүрүп кетти. Жөн жай сурап баргандарды (чечен үй-бүлө) мылтык атып тосуп алды. Ошончо каруу жарак кимге каршы камдалган? Бул суроого Ички иштер министри парламентте жооп беришин талап кылам.
Ошентип, окко кабылган эл береги үйдү өрттөп салат. Калабада чатакты баштаган чечен жигиттин үч бир тууганы жана эки казак набыт болот. Окуяга байланыштуу учурда 50 чакты адам сурак берүүдө.
Коогалуу аймактан депутат шайланган Серик Абдракманов чатак үчүн жергиликтүү милиция күнөөлөдү:
- Маловодное жана Казаткомдо түзүлгөн жагдай- укук коргоо органдарындагы каракчылыктын, жемсөөлүктүн айынан белчесинен баткакка батып калуусунун натыйжасы. Көп жылдар бою эки арада нечен түрдүү кагылышуулар болгон. Ал жөнүндө кезинде укук коргоо органдарына маалымдалганын эл айтууда. Бирок бир да арыз каралып, аягына чыкпаптыр. Мына ошонун кесепетинен каны кызуу жаштар Казаткомго барып, өздөрү чындык жана адилеттик издешкен.
Ал эми депутат Руан Шайкин былтыр октябрда Батыш Казакстанда казактар менен түрктөр, декбарда Алматыда казактар менен уйгурлар ортосунда, атүгүл орустар менен түрктөр арасында мушташ болгонун айтып, “Улуттар аралык аразадашуу Казакстанда кадыресе көрүнүшкө айланып бараткан жокпу?” деген суроо койду.