Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:15

ЕВРОБИРИМДИКТИН ӨКҮЛДӨРҮ ОТУН ИЗДЕП АСТАНАГА КЕЛДИ


Шаршемби күнү Астанада Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн тышкы иштер министрлери менен Евробримдиктин мартабалуу өкүлдөрүнүн кездешүүсү болду. ЕБнын максаты: Борбор Азиянын энергия булактарын Европага жеткирүү жана регион өкмөттөрүнө кысым жасап, адам укугун абалын жакшыртуу экенин делегация мүчөлөрү жашырышкан жок.

Борбор Азия өлкөлөрү менен Евробримдиктин арасындагы отун энергия жаатындагы кызматташуу Астана кездешүүсүнүн негизги темасы болду. Аны ЕБнын Тышкы байланыштар комиссары Бенита Ферреро- Волднер айым шаршемби күнкү жолугушуу алдында жашырбады:

– Биз Казакстанды Каспий чөлкөмү, Кара деңиз аймагы, Укриана аркылуу Европа биримдиги менен туташтырууну каалайбыз деп айтмакмын.

Евробримдикти Борбор Азия өлкөлөрү менен түрдүү багытта кызматташууга чакырган Тажикстандын Тышкы иштер министри Хамрохон Зарипов Астанадагы жыйындын мааниси тууралуу мындай дейт:

-Менин оюмча, бул форматтагы жыйындар Борбор Азия өлкөлөрүнүн болочокто чогуу аракеттенүүсүнө жана эларалык аренага чыгуусуна жардамдашат деп ойлом.

Зарипов эл аралык террорчулукка жана наркоаткезчиликке каршы күрөштүн алдыңкы чегинде турган Борбор Азияны коопсуздук маселеси өзгөчө кызыктырганына да көңүл бурду.

Астанадагы кездешүүгө дүйнөдөгү ири газ өндүрүүчү Түркмөнстандан Тышкы иштер министринин орун басары Вепа Кажиев келди. Бирок, ал жыйындан соңку пресс-конференцияга катышкан жок. Анын бир себеби - ЕБнын делегациясы жолугушууда адам укугу маселесин көтөргөнүнө байланыштуу болушу мүмкүн. Адам укугу жана демократия- Анжияндагы Өзбекстан үчүн өтө талуу маселе экенин Тышкы иштер министри Владимир Норовдун сөзү күбөлөдү. Батыш бул тема жөнүндө сөз кылганда улуттун салтын, тарыхын жана менталитетин эске албай жаңылышканын, Борбор Азияны кандай башкаруу жагын ЕБ жетерлик билбей турганын Норов баса белгиледи:

- Тилекке каршы, Борбор Азиядагы кырдаалга баа берүүдө- биздин көз карашыбызча- бул өлкөлөрдө укуктук мамлекеттин салты жок болгондуктан, мамлекеттик укуктук курулуш өзгөчө мамилени талап кылат деген туура эмес пикир өкүм сүрүүдө.

ЕБда 2009-жылы ЕККУнун төрагасы болуу ниети бар Казакстан үчүн түрдүү буроолору бар. Көздөгөн максатына жетүү үчүн, Ферреро- Волднер эскерткендей, Казакстан демократиялык реформаларды жүргүзүшү шарт:

-Президент Назарбаев жакында сүйлөгөн сөзүндө көп реформа жүргүзүлгөнүн айткан. Биз эми ошол реформаларды көргүбүз келет. Бул Борбор Азиянын биринчи өлкөсүнүн ЕККУнун төрагасы болуусу үчүн өтө маанилүү кадам деп ойлоймун.

XS
SM
MD
LG