Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

ПАЛЕСТИНАДА ӨКМӨТ ЖАҢЫЛАНДЫ, БИРОК АГА КАРАТА МАМИЛЕ ӨЗГӨРӨ ЭЛЕК


Израил эл аралык коомчулукту Палестинанын жаңы өкмөтүн да бойкоттоону улантууга чакырды. Бул тууралуу өкмөттүн жекшембидеги жыйынында премьер- министр Эхуд Ольмерт айтты. Мунун алдында АКШ менен Евробиримдик да Палестинанын жаңы өкмөтүн эл аралык ортомчулар аныктаган принциптерди карманууга үндөгөн эле.

Палестинанын улуттук биримдик өкмөтүн автономия парламенти көпчүлүк добуш менен ишембиде бекиткен. Өкмөт исламчыл ХАМАС жана секуляр ФАТХ кыймылдары тарабынан куралды. Сүйлөшүүлөр болсо узак убакыт боюу бул атаандаш эки топтун куралдуу жактоочулары тирешип турган шартта жүрдү.

Палестин парламентинин курамы 132 депуттан турат. Бирок ишембидеги жыйын эки жерде, Рамалла жана Газа шаараларында болуп, видеобайланыш аркылуу өткөрүлгөн сесияга 87 гана депутат катыша алды. Палестин парламентинин 41 депутаты Израил тарабынан камакка алынган, алардын ичинен 31и ХАМАС кыймылынын өкүлдөрү. Израил Палестинанын жаңы өкмөтү менен да иш кылбасын палестин парламентиндеги добуш берүүгө чейин эле жарыялаган. Израил өкмөтүнүн расмий өкүлү Мири Айзен муну төмөнкү жүйөлөр менен түшүндүрөт:

- Палестинанын жаңы өкмөтү эл аралык коомчулук аныктаган үч принциптин бирин да кабыл алган жок. Ал Израилди тааныбады, мурда жетишилген расмий макулдашууларды карманарын айткан жок. Эң маанилүүсү - террордон баш тартпады. Израил бул өкмөттү өз өнөктөшү катары карай албасын өкүнүч менен билдирет. Биз бул өкмөт менен же анын мүчөлөрүнөн кимдир бирөөсү менен да байланыш түзбөйбүз.

Палестинанын жаңы өкмөтү эл аралык ортомчулардын төртилик тобу койгон талаптарды аткарбай жатканын жекшембидеги жыйында жөөт башчысы Эхуд Ольмерт да белгиледи. Ал төртилик топко АКШ, Евробиримдик, БУУ жана Орусия кирет.

Добуш берүү алдында парламентте сүйлөгөн сөзүндө палестин президенти Махмуд Аббас менен премьер- министри Исмаил Хания эки башка ойду айткандай болушту. ФАТХ кыймылынын өкүлү Махмуд Аббас өз сөзүндө эл аралык коомчулукту палестин өкмөтүнө каршы киргизилген каржылык блокаданы алып салууга чакырып, палестиндер зордук-зомблуктун бардык түрүн кабыл албасын белгиледи. ХАМАСтын өкүлү, премьер-министр Исмаил Хания болсо эл аралык коомчулукту палестиндердин проблемаларына башкачараак мамиле кылууга үндөп, өкмөт Израилдин оккупациясына каршы күрөшөрүнө токтолуп, Кошмо Штаттардын дарегине мындай деди:

- Өкмөт АКШ администрациясын Палестинанын ишине жана муктаждыгына карата турумун кайра кароого, улуттук биримдик өкмөтүн курууга жетишкен палестин элинин тандоосун урматоого жана дискриминациялык саясаты менен кош стандарттарды токтотуп, палестин жана Америка калкынын алакасын жакшыртууга чакырат.

Исамаил Хания ошондой эле Палестинанын жаңы өкмөтү эл аралык коомчулукка таанылуу багытында кадамдарды жасаарын да кошумчалады. Кошмо штаттар болсо палестин премьеринин "Израилге каршылык көргөзүү - палестин элинин укугу" деген сөздөрүнө иренжинүү билдирди. Ал эми Евробиримдиктин учурдагы төрагасы Германия тарабынан жасалган билдирүүдө жаңы өкмөттүн түзүлгөнү кубатталып, бирок уюм аны менен эл аралык коомчулук аныктаган принциптерди карманган шартта гана иштешери белгиленген. Азырынча батыш өлкөлөрүнөн палестин өкмөтүн Евробиримдикке мүчө эмес Норвегия гана тааныды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG