Борбор Азиядагы беш мамлекетте сөз эркиндигин Мамлекеттик департамент мурункудай эле өтө чектелген абалда деп баалады. Ал эми Кыргызстанда 2005-жылы демократиялык негизде бийликке жаңы жетекчилик келген соң адам укуктары алда канча жакшырганы айтылат. Бирок ошол эле учурда 2005-жылдын апрель айында Үсөн Кудайбергеновдун жана ошол эле жылы июнда депутат Жыргалбек Сурабалдиевдин киши колдуу болуп, ал кылмыш иштеринин бети ачыла электиги белгиленди. Мындан тышкары, Карасуу шаарынын имамы Мухаммадрафик Камаловдун өлтүрүлүшү, 2004-жылы укук коргоочу Турсунбек Акундун эки жумага жоголуп кетиши жана башка ушул сыяктуу мыйзам бузуу фактылары боюнча иликтөө иштери жыйынтыксыз болгону белгиленген.
“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова, отчетте белгиленген ушул фактылар Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы анча жакшы эмес экенин айгинелеп тураарын айтты:
“Кыргызстанда өлүм жазасы алынып салынганы менен эч кандай сотсуз, сураксыз эле өлүм жазалары колдонулуп, буйрутма өлүмдөр көбөйүп кетти. Алардын бети ачылбай, күнөөлүүлөр жазага тартылбай жатканы терс көрүнүш. Ошол эле өзбек качкындары боюнча, милиция кызматкерлеринин жарандарга болгон мамилесин жана башка ушул сыяктуу фактыларды карасак, Кыргызстанда адам укугунун абалы жакшырмак турсун, тебеленип жатат деп айтсак болот”.
Отчетте Кыргызстанда демократиялык өзгөрүүлөр кетенчиктегени, бул баарыдан мурда декабрда кабыл алынган Башмыйзамга байланыштуу экени сынга алынган. Жаш саясатчылар формунун өкүлү Адил Турдукулов отчетте белгиленген бул сын-пикирди толук колдоорун билдирди:
“Мен бул сынды колдойм. Анткени декабрда кабыл алынган Конституция реваншивдик, авторитардык мамлекетти курууга умтулган бийлик өкүлдөрүнүн баш мыйзамы десек болот”.
Отчетто ошондой эле 2005-жылдын мартынан бери бир да адам саясый туткун катары камалбаганы белгиленген.
Ал эми өлкөдөгү сөз эркиндиги тууралуу, Мамлекеттик департамент 2005-жылы жаңы бийликтин келиши менен бул жаатта бир кыйла жетшкендиктер болгонун билдирип, ошентсе да улуттук телеканалда Бакиевдин бийлигин сындаган пикирлерге тыюу салынганы, “Пирамида”, “НТС” телеканалдарына басым көрсөтүлгөнү да айтылат. “Журналист” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев учурда сөз эркиндигинин абалы эски бийлик учурундагыдан да начарлап кетти деп эсептейт:
“Кайсы бир телекомпанияга кол салуу болбосун, бул биринчиден бийликтин кызыкчылыгы. Азыркы учурда ММК болуп жаткан мамиле Аскар Акаевдин учурунда болгон көп нерселерге окшошуп кетип атат. Менин оюмча, бизде тескерисинче эски бийлик учурундагыдан абал начарлап калды”.
Айрым жергиликтүү талдоочулар АКШнын Мамдепартаменти жана башка эл аралык уюмдар жарыялаган отчетторге анча ишеним артпай тургандарын билдиришүүдө. Маселен, саясат таануучу Жолборс Жоробеков мындай баяндамалар өлкөнүн бейпилдигин бузуу үчүн гана жарыяланат деген пикирде:
“Адам укугун коргойбуз деген уюмдар, ар кандай фонддор Кыргызстанадагы бейкуттукту, тынчтыкты бузуу үчүн гана ушундай отчетторду жарыялайт деген ойдомун. Анктени Орто Азия боюнча бир да өлкөдө биздикиндей адам укугунун абалы, сөз эркиндиги боюнча жакшы абал жок”.
Ал эми укук коргоочу Азиза Абдырасулова бул маселеге башкача көз карашта:
“Мамлекеттик департамент өзүнүн отчету менен бизге бир нерсе таңуулап атат дегенге мен кошула албайм. Анткени мындай отчеттер биздин мамлекет башчылар үчүн, биздин мамлекет үчүн жагдайды билсин деп жарыяланат. Ошондой баяндамалрдан кийин биз өзүбүз жыйынтык чыгарышыбыз керек”.
Мамлекеттик департамент жарыялаган отчетте пост советтик өлкөлөрдүн ичинен Белорусия катуу сынга алынды. Департаменттин талдоочулары бул өлкөнү адам укугу систематикалык түрдө бузулуп атканын белгилейт. Мамдепартаменттин баасында коңшу Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанда абал былтыр бир кыйла начарлады. Баяндамада эң жогорку жетишкендиктер Украинга таандык экени айтылган.