Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:01

АЛТЫН ЖЫЙЫНЫ: ӨЗ МЕНЕН ӨЗГӨНҮН АЙЫРМАСЫ


Жакындан бери кыргыз өкмөтү “Кумтөр” алтын кенинен бюджетке түшчү төлөмдөрдү көбөйтүү аракетин көрүп, “Камеко” , “Центерра Голд” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Ошол эле учурда Таластагы “Жерүй” кенинен алтын казып алууну быйылтан кечиктирбей баштоону австриялык компаниядан талап кылууда. Өкмөттүн мындай аракети быйылкы жылы ички дүң продукт көлөмүн кеминде 6% көбөйтүү талабынан чыгып жатканы жалпыга дайын.

Дүйшөмбүдө 300 миң доллардын чоо-жайы тууралуу депутаттардын суроосуна жооп берген 1-вице-премьер-министр 6-мартта өкмөт алтын маселесин талкуулай тургандыгын маалымдаган. Кыргыз өкмөтү менен канадалык корпорациянын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр улантыларын билдирген.

- Сүйлөшүүлөр ушул айдын он экисинде кыргыз өкмөтү менен «Камеко», «Центерранын» отосунда өтөт. Сүйлөшүүлөрдүн негизинде «Кумтөр» боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгат. Бул сүйлөшүүлөрдө өкмөт алдын-ала кандай позицияны карманып жатканын мен эртең саат он жетиге белгиленген отурумда айтып берем. Роялти, башка төлөмдөр тууралуу кеп болот, анан да өкмөт жыйыны ачык эле өтөт. Ага пресса, каалаган депутат катыша алат.

Бирок да Д.Үсөнов парламентте каалоочулардын баки-жогу катыша алат деген жыйынга маалымдоо каражаттарынын ичинен эки телеканалга, үч гезитке гана уруксат берилиптир. Маалымдоо каражаттарын «өз – жатка» бөлүү А.Акаев заманынан кийин токтолгонсуп калды эле, кыязы жаңыланган өкмөт жарамсыз салтты кайра жандантуу амалына өтө баштаган шекилдүү.

Өкмөт башчынын биринчи орунбасары канадалык «Камеко», «Центерра Голд» менен сүйлөшүүлөрдү президенттин тапшырмасы менен өткөрүп келатканын депутаттар алдында дагы бир ирет ырастады. Антишке «Кумтөр» алтын кенинен Кыргызстан бюджетине түшүп жаткан төлөмдөрдүн кыйла эле аздыгы себеп болуп атканына басым жасады.

Д.Үсөновдун айтуусунда, ириде «Кумтөр» Ысыккөл облусунун социалдык-экономикалык өнүгүшү үчүн жыл сайын бөлүп турчу 1 миллион долларын көбөйтүшү керек. Маселен, «Жерүй» алтын кенин иштетүүгө куштар австриялык «Глобал Голд» Талас облусуна жыл сайын 2,5 миллион доллар которушка макулдугун берүүдө. Буга кошумча, кыргыз өкмөтү «Центерра Голд» компаниясындагы акциясынын көлөмүн, салык, төлөмдөрдү көбөйтүү талабын коюп келатат.

- Төлөмдөр боюнча булар мындай деп жатышат: «Алтынды казып алып, аны уюткандан кийин, ташып жеткирип аны саткан соң, ошентип акчаны алгандан кийин төлөйлү». Биз болсо «алтын өндүрүлгөндөн кийин эле эсептешели», деп жатабыз. Дагы бир маселе – концессиялык төлөмдөр. Булар 4 төлөмдү төлөшөт. Жергиликтүү төлөмдөр, салыктар, роялти, концессиялык төлөмдөр. Төлөмдөрдү биз 3 эсе көбөйтөлү, алтын баасы 2 –3 эсе көбөйбөдүбү, деп сунуш киргизип жатабыз,- дейт Д.Үсөнов.

Ал эми өкмөттүн лицензиясына жетиш үчүн коюлган шарттардын баарына макул болгон австриялык компания быйыл жыл аягына чейин «Жерүй» алтын кенин ишке киргизүү милдетин алганын депутат Болот Шерниязов дүйшөмбүдө кесиптештеринин алдында жарыя кылды.

- “Эгер декабрда «Жерүй» алтын бербесе, анда жаңы инвестор бүт техника, фабриканы таштап Таластан чыгып кетсин. Эч кандай доосу болбосун” деген сунушту элдин баары кабыл алды.

Жаңы келишимдин шарты өкмөт токтому менен ырасталарын Д.Үсөнов да белгиледи.

- Токтом кабыл алабыз. Ошол жерге жазылат. Эгерде убада бергендей болбосо, декабрда алтын бербесе, анда токтотобуз жана да «Жерүй» боюнча жаңы тендер болот.

Өткөн жылы өкмөт экономикалык ыкчам өнүгүүгө жетиштүү шарт түзүлгөнүн айтып, ички дүң продукт көлөмүн 8% көтөрүү милдетин өзүнө алган. А кездеги Экономика жана каржы министринин ИДП жыл аягына чейин 5% бираз ашарлык чекке чыкса дурус болор эле деген ишаарасын кулак сыртынан кетирип, аткаруу бийлиги бакубат тапшырманы алдыга койгон болчу. Жыл жыйынтыгы 3% жетпеген көрсөткүч менен чыкты. Быйылкы 6% деп белгиленген чек да былтыркысындай багындырылбай калышы толук ыктымал экендиги эмитен эле айтылууда.

XS
SM
MD
LG