Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:54

ЧЕЧЕНСТАН ПРЕЗИДЕНТТИГИНЕ РАМЗАН КАДЫРОВ КӨРСӨТҮЛДҮ


Нарын АЙЫП, Прага 1-мартта орус президенти Владимир Путин Рамзан Кадыровду кабыл алып, аны Чеченстандын президенттигине көрсөттү. Эксперттердин пикиринде, эми чечен парламенти Кадыровду президент кылып бекитээринен күмөн санабай эле коюш керек.

Маселе 2-мартта чечилип калышы мүмкүн, анткени президент Владимир Путин өз чечимин жарыялаары менен Чеченстандын дагы, Орусиянын Мамлекеттик думасынын жетекчилери дагы дароо аны колдоого алды. Думанын спикери Борис Грызлов Рамзан Кадыровко мурда эле колдоо көрсөткөн, Путиндин чечими жөнүндө кабар тарагандан кийин болсо, ошол эле күнү аны Чеченстандын Кремилдеги өкүлү Зияд Сапсаби, Чечен парламентинин спикери Дукуваха Абдурахманов, Орусиянын Федерация кеңешиндеги Чеченстандын өкүлү Муса Умаров жана башкалар колдоп чыгышты.

Ошондуктан Чечен парламенти Кадыровдун талапкерлигин караштарып, аны 2-мартта президент кылып шайлашы мүмкүн жана Рамзан Кадыров Орусия Федерациясына кирген жумурияттардын эң жаш жетекчисине айланышы ыктымал. Былтыр 5-октябрда ал отузга толгон.

Мындан эки апта мурда, 15-февралда Чеченстандын президенти Алу Алханов кызматынан кетип, анын ордуна президенттин милдетин аткаруучу болуп Кадыров дайындалганда, жакын арада шайлоо өткөрүлөт деп айтылган. Бирок президенттин Кавказ аймагы боюнча өкүлү Дмитрий Козак Путинге үч талапкердин ысмын атаптыр жана Путин 1-мартта алардын ичинен Кадыровду тандап, ошол эле күнү аны Чечен парламентине сунуштап, президент кылып бекитип берүүнү сурады. Аталган эки башка адам - Муслим Хучиев жана Шахид Жамалдаев.

Ошол эле күнү Путин Кремилде Кадыровду кабыл алып, ага өз чечимин угузду: "Эгер бул жогорку кызматка дайындоо өтсө жана мен ишенем, чечен парламенти менин сунушумду колдойт, ал дайындоо Сиздин Чеченстандагы социалдык жана экономикалык абалды калыбына келтирүүгө багытталган аракеттериңизди ошондой эле ыкчамдыкта улантууга көмөктөшөт", - деди Путин Кадыровко.

Кадыров болсо мындай дайындоо ал үчүн Кудай алдында, эл алдында жана өзгөчө Путин алдында чоң жоопкерчилик экенин айтып, ага көрсөтүлгөн ишенимди актай турганын билдирди.

Рамзан Кадыров институтту мындан эки жарым жыл мурда гана бүтүргөн, анткен менен экономика илимдеринин кандидаты. Биринчи Чечен согушу учурунда Маскөөгө каршы согушкан, бирок 1999-жылы экинчи согуш башталганда атасы Ахмат Кадыров менен кошо федералдык тарапка өтүп кетип, атасы президент болгондо, анын жардамчысы болуп иштеген.

2004-жылдын 9-май күнү атасы өлтүрүлгөндө, премьер-министрдин орун басары болуп дайындалган, 2005-жылы премьердин милдетин аткара баштаган, 2006-жылдын 4-мартынан тартып премьер болгон. Бирок анын Маскөө алдындагы эң негизги эмгеги - эгемендүүлүк үчүн күрөшкөн чечен жоокерлерин жок кылгандыгында жана адам укуктарын коргоочулар айтканга караганда, душмандарын жана Маскөө саясатына каршы чыккандарды ал жөн гана өлтүрүп салууда.

XS
SM
MD
LG