Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:04

ЧЕЧЕНСТАНДЫН БОЛОЧОК ПРЕЗИДЕНТИНИН «СООПЧУЛУК» ИШТЕРИ


Төрөкул Дооров, Москва Орусиядагы «Новая газета» басылмасы акыркы санында (№14, 26.02.2007) «Президенттин фондулук биржасы» деген макаланы басып чыгарды. Анда азыр Чеченстандын президентинин милдетин аткарып жаткан Рамзан Кадыровдун ишмердүүлүгүнө далай сындар айтылган.

«Чеченстанда азыр кимдин баркы жогорулап баратканы да, анан президенттикке аттанган негизги талапкердин товардык баасын кимдер колдоп турганы да белгилүү» деп башталат макала. Сөз, албетте, Чеченстандын президентинин милдетин аткаруучу, президенттикке талапкер Рамзан Кадыров жөнүндө, республиканын мурдагы президенти Ахмад Хаджы Кадыровдун уулу тууралуу, жүрүп жатат.

Буга чейинки президент Алу Алханов эмне үчүн өз ыктыяры менен президенттиктен кеткени деле түшүнүктүү. Анткени, Рамзан Кадыров былтыр жыл этегинде 30 га толду. Чеченстанда президенттикке 30 жаштан жогоркулар гана аттана алышат.

Орусияда азыр региондордун жетекчилерин эл өзү тандай албайт, аларды президент Владимир Путин жергиликтүү парламенттерге сунуш кылышы керек. Бирок Путин азырынча «өзүнүн адамын» сунуштабай жатып эле Грозныйда, Гудерместе жана Центоройдо Рамзан Кадыровду колдоочулар анын жеңишин майрамдап жатышыптыр. «Чынында, баары бир Кадыров шайлоодо утуп чыгышында азыр эч кандай деле шек жок», - дейт «Новая газетанын» кабарчысы Вячеслав Измайлов.

Бирок макаланын негизги маани-мазмуну Чечен республикасында азыр аткарылып жаткан бүт ишти өзүнүн жеке жетишкендиги катары көрсөтүп, президент болууга камынып жаткан Рамзан Кадыровдун айрым көз-боемочулуктарына багытталган.

Мисалы, Чеченстанда борбордук телесыналгы утуру республиканы кайра калыбына келтирүүгө, ооруканалар менен мектептерди, там-жайларды курууга Рамзан Кадыров жеке чөнтөгүнөн акча бөлүп жаткандай кылып үгүттөп жатыптыр. Чынында каражат көбүнесе Рамзандын атасы, Чеченстандын мурдагы президенти Ахмад Кадыров атын алып жүргөн кордун эсебинен аткарылат. Ал кор, өз учурунда, ким тарабынан каржыланып жатканы ачык айтылбай келет. Соопчулуктун баарын Кадыровдордун өзүнө же «акыркы акчасын балдарына эмес, республиканы кайра курууга жумшап жаткан жөнөкөй чеченстандыктарга» ыйгарып жатышканы айтылды.

Былтыр күздө киши колдуу болуп өлгөн орусиялык журналист, ушул «Новая газетанын» кабарчысы Анна Политковская да Чеченстанды бутуна тургузуш үчүн Кадыровдор жеке чөнтөгүнөн акча коротуп жатышат деген мифти жоюп, былтыр июнда кеңири макала жазган эле. Анда «курулушу күтүлгөн 27 объекттин алтоосу гана жарым-жартылай кошумча каражат аркылуу бүткөрүлгөнү» айтылган. «Мына ошолорго гана Рамзан атасынын кору аркылуу катышкан болушу ыктымал. Калган 18 объектти бүтүрүүгө каражат федералдык бюджеттен, жалпы орусиялык жарандардын салыгынын эсебинен жумшалат» деген журналист. Анын үстүнө, Ахмад Кадыров атындагы фондко деле чеченстандыктар акчасын жөн берип коюшпаганы келтирилет. «Көп учурда жөнөкөй атуулдарды коркутуп-үркүтүп, каражат кошууга мажбурлаган учурлар да болгон».

Бирок жакында Рамзан Кадыров өзү «Азаттыктын» Түндүк Кавказ редакциясынын суроолоруна жооп берип жатып, федералдык жетекчилик чечен жериндеги айрым негизги шаарларды кайра курууга бир рубль да бөлүп бербегенин айтты.

- Мисалы, Аргун шаарын куруу иши 1 млрд.рублду талап кылат. Анын 840 миллионун биз өзүбүз коштук. Кантип ал акчаны топтой алдык? Биз акчасы бар адамдарга: «Талкаланып бүткөн Чеченстанды кайра курууга жардам бере аласыңарбы?», - деп суроо узаттык. Бир топ кишилер жооп беришти. Андан сырткары, биз ашар уюштурдук, мисалы, Гудермес дал ушул элдик ашар жолу менен курулган. Федералдык борбор буга бир рубль да кошкон жок, анын үстүнө жалпы Чеченстан үчүн бөлүнчү акчада да Грозный шаарын курууга акча бөлүнгөн эмес, - деди Рамзан Кадыров.

Бирок «Новая газетанын» журналисти, маркум Анна Политковская макалаларынын биринде Рамзан Кадыров Куремль тарабынан бөлүнгөн төрт млрд.рублду кайда короткону так белгисиз бойдон калганын, ага карабай ал Москвадан дагы эки млрд.рубль талап кылганын, буга орусиялык жетекчилер эч көңүл бурбай жатышканын жазган эле.

А.Политковская Ахмад Кадыров атындагы «соопкер кордун» ишин талдоого алып жатып, «ал каражатты чынында республиканы бутуна тургузууга эмес, сулуулар конкурсун өткөрүүгө жумшайт» деп жазганы маалым.

XS
SM
MD
LG