Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:00

15:45 Карасуу базарынын жетекчилиги талашка түшүүдө


Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча бүгүн эрте менен 300 чамалуу киши базардын администрациясын ээлеп алган. Алар Карасуу базарынын башчылыгына базардын мурдагы жетекчиси Рысбек Жоошбековдун бир тууганы Тайырбек Жоошбековду коюп берүүнү талап кылышып, жаңы дайындалган жетекчи Манас Үсөновду имаратка киргизбей коюшкан. Окуя болгон жерге УКК, ИИМ жана райондук администрациянын өкүлдөрү келип, сүйлөшүү жүргүзүүгө аракеттер жасалды. Чогулган адамдар иш-чараны дүйшөмбү күнү дагы улантарын белгилешип, түштөн кийин тарап кетишти.
Карасуу базары март ыңкылабынан кийин мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн. Аталган базардын мурдагы жетекчиси Рысбек Жоошбеков үстүбүздөгү жылдын 19-январында белгисиз кишилер тарабынан атып өлтүрүлгөн соң, 2-февралда мамлекеттин мүлк фонду Карасуу базарынын жетекчи кызматына Манас Үсөновду дайындаган.

XS
SM
MD
LG