Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:00

ТҮНДҮК КОРЕЯ БАШКЫ АТОМДУК РЕАКТОРУН ТОКТОТМОЙ БОЛДУ


Түндүк Корея өзөктүк программасын токтотуу багытында алгачкы кадамдарды жасоого макул болду. Пхеньян өлкөдөгү эң ири атомдук реакторун жаап, ал үчүн сырттан 50 миң тонна күйүүчү май алат. Бэйжиндеги алты тараптуу сүйлөшүүнүн акыркы күнү мындан башка да маанилүү макулдашуулар жетишилди.

Бул жаңылыкты Бэйжинде бүгүн аяктаган алты тараптуу сүйлөшүүнүн соңунда Кытайлык делегация башчысы Ву Давей жарыялады.

- Түндүк Корея атомдук станцияларын куралсыздандыруу максатында Йонбендеги өзөктүк реакторун жапмай болду. Пхеньян бул иштерге көзөмөл кыла турган эл аралык инспекторлорду кабыл алат.

Кытайлык элчи ушул сөздөрдү айтканда бардык делегациялар ордунан тура калып кол чаап жиберишти. Пхеньяндын өзөктүк программасы боюнча бардык сүйлөшүүлөргө катышып келаткан АКШлык дипломат Кристофер Хилл бул жетишкендикте Кытай тараптын салымы чоң экенин белгилей кетти.

- Биз келишим долбоорун макулдашып бүттүк. Мен үчүн бул эң мыкты жаңылык. Өткөн түнү айтканымдай, кытайлык делегация өтө мыкты иш жасады.

Ушинтип баары кубанып, сүйүнчүлөп аткан макулдашууга ылайык, Түндүк Корея адегенде 60 күн ичинде өлкөдөгү эң ири атомдук реакторун жаап, ал үчүн 50 миң тонна күйүүчү май алат. Бул иштердин баарын эл аралык инспекторлор көзөмөлгө алат. Ошону менен токтоп калбай, Пхеньян бардык өзөктүк сыноолору тууралуу маалыматты ачыктап, өзөктүк программасын токтотуу багытында дагы башка иштерди аткарса, чет өлкөлөрдөн жардамга бардыгы 1000 тоннадай күйүүчү май алышы мүмкүн. Түндүк Корея андан сырткары алты тараптуу сүйлөшүүгө катышкан Жапония, АКШ, Орусия, Кытай жана Түштүк Корея менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр өткөрөт. Алгачкы маалыматтарга караганда, аларда АКШнын Пхеньянга каршы санкцияларын токтотуу, Түндүк Кореяны терроризмди колдогон өлкөлөр тизмесинен чыгаруу, Пхеньяндын Орусияга болгон 8 миллиард долларлык карызын жеңилдетүү өңдүү маселелер талкууланаары күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG