Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:09

«КУЛОВДУ БАКИЕВ ТУРГАЙ ЖЕЛМОГУЗ АЛЫП КЕЛСЕ ДА ӨТПӨЙТ»


«Кыргыз руху» гезити парламент элегинен өтпөй калган Ф.Кулов жөнүндө айрым депутаттардын ой-пикирлерин баскан. Мисалы, депутат Исабеков, президент К.Бакиев Ф.Куловду өкмөт башчылыгына дагы бир жолу көрсөтөрүн, бирок ушу кезде андан бөлөк да атка минерлердин аттары аталып, алардын арасында депутат К.Исабековдун өзү да барын элдин эсине сала кетти. Депутат И.Масалиев Ф.Куловдун өтпөй калышы эч кандай трагедия болбостугун, депутат Ө.Текебаев, «Реформа үчүн» кыймылында Кулову болобу, Пулову болобу, саясатчылар үчүн ар дайым эшик ачык экендигин, демек, Кулов деле келе берсе болот деп жазса, депутат Д.Садырбаев, Куловду эми Бакиев тургай желмогуз алып келсе дагы өтпөстүгүн айткан.

«МСН» гезити парламентке күнөө коюу менен, кандай өкмөт курамы болсо дагы мындай депутаттар менен иштеш жакшылыкка апкелбейт деп бүтүм чыгарды.

«Агым» гезити чыгармачыл уюмдардын жетекчилери Э.Бекташов, К.Асанбаев,
А.Өмүркановго суроо берген. Алардын айткандарына таянсак, өлкө борбору Бишкек ой-келди эстеликтердин, мындан да ачуураак айтканада «көрүстөндөрдүн шаарына» айланып баратат деген ойлоруна орун берген.

«МСН» гезити Кыргызстан бүтпөгөн талаш-тартыштардын өлкөсүнө айланып алганын, Ф.Куловдун талапкерлигин президент 2-ирет көрсөтпөй деле койсо болмогун айтуу менен өкмөт башчысы кызматына башка талапкекрлер менен бирге шаар мэри А.Ногоев мырзанын аты да аталып жатканын жазды.
XS
SM
MD
LG